(1:23 / 8.36Mb / )

Ажайып Кыргызстан: Абшыр-Ата шаркыратмасы

3930
(жаңыланган 16:58 06.09.2016)
Абшыр-Сай өзөнүндө жайгашкан шаркыратма Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 1500 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте орун алган.

Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-15 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат.

Шаркыратмадан анча алыс эмес жерде мөлтүр кашка суусу бар Котур-Булак жайгашкан. Анын суусунун дарылык касиети бар экени айтылып келет.

Байыркы уламыштарга караганда бул жерде мурда суу эмес сүт акчу. Илгери-илгери дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип келет. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган.

Ошентсе да бул жер азыркы күнгө чейин ыйык деп эсептелип, келген кишилер абдан көп.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп көрүңүз>>

3930
Белгилер:
табият, туризм, шаркыратма, "Ажайып Кыргызстан" долбоору, Ош, Абшыр-Сай, Абшыр-Ата
Тема:
"Ажайып Кыргызстан" (32)
Тема боюнча
Ажайып Кыргызстан — туристтерди сары оору кылган Соң-Көл
Ажайып Кыргызстан: Беш-Таш улуттук паркы
Ажайып Кыргызстан: ыйык Сулайман-Тоо
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

29
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

29
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады
Томографиядан бейтапты өткөргөн медиктер. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат

27
(жаңыланган 11:38 05.12.2020)
Бүгүнкү статистикада илдетти илештирип алгандардын саны ооруканадан айыгып чыккандарга караганда аз.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:

  • Бишкек - 99;
  • Ош - 20;
  • Чүй облусу – 133;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 26.

Айыккандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты. 

27
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оорукана, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар