Дин иштери боюнча комиссия өкүлдөрү зыяратчылардын абалын жеринен көрдү

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясына быйылкы ажылык сапарга Кыргызстандан 3685 адам кеткен.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев Мекке шаарындагы зыяратчыларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча маалымат алды. Бул тууралуу муфтият кабарлады. 

Сауд аравиядагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясына миллиондон ашуун зыяратчы келди
Билдирүүгө ылайык, Молдалиев ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси жана штаб кызматкерлери менен жолуккан. Штабдын ишмердүүлүгү менен таанышууга дин аалымы Кадыр Маликов дагы катышты. 

Штабдын жетекчиси Равшан ажы Эратов ажылар үчүн акыркы үлгүдөгү автобустардын алынганын, тамак-аш жакшырып, зыяратчылар үчүн бардык кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгын айтып өттү. Мындан тышкары, ал ар бир штаб мүчөсүнүн өзүнө тиешелүү кызматтары бар экендигин кошумчалады.

Сауд Аравиясына быйылкы ажылык сапарга Кыргызстандан 3685 адам кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0