Базаргүл Мамырова жасап келген 15 килограммдык нан

Кырчын: Базаргүл апа жасап келген 15 килограммдык нан 2 миң сомго сатылды

(жаңыланган 17:27 06.09.2016)
Базаргүл Мамырова Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келген.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну Базаргүл Мамырова жасап келген 15 килограммдык нан 2 миң сомго сатылды.

Наабайчынын айтымында, буга окшогон дагы үч нан калды. Алардын баасы да 2 миң сом деп бааланууда. Аталган нандардын салмагы 15 килограмм, диаметри бир метрге жетет.

II дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Белгилер:
сатуу, нан, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Чолпон-Ата
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Базаргүл апа: Көчмөндөр оюндарына нандын 40 түрүн жасап келдим
Көчмөндөр оюну: экинчи күндүн жыйынтыгы менен Кыргызстан 4-орунга түшүп калды
Кадыр түн учурунда мусулмандар. Архив

Кадыр түн качан болору айтылды

(жаңыланган 16:56 22.04.2021)
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат. 

Белгилер:
муфтият, орозо, Кадыр түн, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

(жаңыланган 16:35 22.04.2021)
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын убактылуу өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.

Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 09:00дөн 12:00гө чейин — Островская, Сухомлинов, Бакаев, Целинная көчөлөрүндө, андан сырткары Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Ак шоокум, Адышева көчөлөрүндө) болбойт;
  • 09:00-19:00 — Алыбаев, Маликов, Термечиков, Захарьев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 09:30-14:00 — 10-кичи райондо (№36, 36/1, 37/1, 37, 38 үйлөр);
  • 09:30-17:00 — Ахунбаев, Бектенов көчөлөрүндө, Балхаш туюк көчөсүндө, 9-кичи райондо (№6Б үй), Арча-Бешик конушунда (Кызыл-Адыр, Термечиков, Камбар-Ата, Бердибаев, Эр-Тайлак, Шералиева, Проектируемая, Арча-1 көчөлөрүндө);
  • 09:30-18:00 — Лев Толстой, Леваневская, Строительная, Красная, Тыныбеков, Матыев көчөлөрүнүн тилкесинде, Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында (Максат, Медина, Республиканская, Мыскал, Кулиев, Полевая, Азаттык, Коммунаров, Айкөл, Козу-Баглан, Жийде, Жаз, Минская, Багратион, Краснодонцев жана Малышев көчөлөрүндө);
  • 10:00-14:00 —Урожайная жана Аламүдүн көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 10:00-17:00 — Жумабек, Осмонкул, Баетов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 12:00-17:00 — Шота Руставели, Севастопольская, Үчүнчү линия көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Абдраев, Месароша көчөлөрүндө, Чугуев туюк көчөсүндө, 5-кичи райондо (№79-83, №72/1, №64, 65 үйлөр) өчүрүлөт.
Белгилер:
өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр