Путин Ислам Каримовду эскерүү үчүн Самаркандга келди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүУчактан түшүп жаткан Россиянын президенти Владимир Путин
Учактан түшүп жаткан Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 3-сентябрь күнү инсульттан каза болуп, сөөгү кичи мекени Самарканд шаарына коюлган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мындан үч күн мурун көзү өткөн Ислам Каримовду эскерүү үчүн Самарканд шаарына келди.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, өлкө башчы Өзбекстанга жеке сапары менен келип, президенттин жакындарына көңүл айтууну каалаган.

Өзбекстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун тагын ким мурастайт? Болжолдуу талапкерлерге берилген баа
Эскерте кетсек, Өзбекстанды 30 жылга чукул башкарып келген президент Ислам Каримов 27-августта мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөн. Алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан Каримов 3-сентябрь күнү эртең менен дүйнө салган. Тажыясы кичи мекени Самарканд шаарында өтүп, сөөгү ата-энесинин жанына, Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлган.

Каримовдун өлүмүнөн кийин президенттин милдетин Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарып калган. Ал эми Каримовду акыркы сапарга узатуу комиссиясын премьер-министр Шавкат Миризиеев жетектеген.

Каримовдун тажыясына 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты. Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0