Москвадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык мекенине кайтты

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквадагы басмаканада өрт чыккан жер. Архив
Москвадагы басмаканада өрт чыккан жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айынын аягында Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анда 14 КР жараны жана үч россиялык аял каза болгон.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өрт учурунда жабыркаган 26 жаштагы Калбай кызы Кызбурак Бишкекке учуп келерин КРдин Россиядагы элчилиги билдирген.

Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. Басмаканада иштеген КРдин бир нече жарандары сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Бул карагашадан улам Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

"Өрт учурунда жабыр тарткан Калбай кызы Кызбурак 5-сентябрда Склифосовский атындагы илим изилдөө институтунан чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Ал элчиликтин жана "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын көмөгү менен Бишкекке учуп келди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0