Кайгуул милициясынын картондон жасалган унаасы айдоочуларды "үркүтүп" жатат

© Фото / Омурбек ЖолдошбаевЫсык-Көл облусунда Кайгуул милициясынын картондон жасалган унаасы
Ысык-Көл облусунда Кайгуул милициясынын картондон жасалган унаасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер айдоочулар жасалма унааларга көнүп, жол эрежелерин кайрадан буза баштаса, анын жанына инспекторлор күзөткө тура баштайт.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Кайгуул милициясынын картондон жасалган унаасы пайда болгондугу тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу Өмүрбек Жолдошбаев жазып чыкты. 

"Чолпон-Атага жөнөгөн элек. Чок-Тал айылынан өтүп баратып алыстан Кайгуул милициясынын унаасын көрдүк. Шарт эле ылдамдыкты азайтып акырын тушуна келсек машинанын макети экен. Көрүп алып абдан күлдүк. Жакшы акыл экен", — деп жазды Жолдошбаев. 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы айдоочуларды унааны акырын айдатуу үчүн ушундай макеттерди колдонуп жатышканын ырастады. 

© Фото / Омурбек ЖолдошбаевКартонный муляж спецмашины Управления патрульной милиции МВД КР в Иссык-Кульской области.
Картонный муляж спецмашины Управления патрульной милиции МВД КР в Иссык-Кульской области.  - Sputnik Кыргызстан
Картонный муляж спецмашины Управления патрульной милиции МВД КР в Иссык-Кульской области.

"Биз ар бир жерге инспекторлорду кое албайбыз. Айрыкча ушу тапта көпчүлүк кызматкерлер Көчмөндөр оюнунагы коопсуздукту сактоо менен алек. Азырынча бир эле макет коюлду. Себеби бул пилоттук долбоор болуп эсептелет. Натыйжа болобу же болбойбу, аны убакыт көрсөтөт. Кийин мындай унаалар көбөйүшү ыктымал", — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Эрлан Атантаев. 

Ал белгилегендей айдоочулар картондук унааларга көнүп тоготпой калса, жанына инспекторлор коюлат. 

Мындай идея Ички иштер министрлигинин Кайгуул милициясына таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0