Жол кырсыгынан улам жабылган Бишкек — Ош жолу ачылды

© Sputnik / Александр ФедоровБишкек - Ош унаа жолу. Архив
Бишкек - Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кан жолдун 402-чакырымында оор жүк ташуучу Howo менен Man үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинин жол жабылган болчу.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 402-чакырымындагы жол кырсыгы жөнгө салынып, учурда жол каттамы калыбына келгенин ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, аталган кан жолдун 402-чакырымында оор жүк ташуучу Howo менен Man үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинин жол жабылган болчу.

Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында автобус менен джип, Көлдө жеңил унаа кагышып, кишилер каза болду
Маалыматка ылайык, кырсык 8-сентябрда эртең менен саат 8:10дор чамасында болгон.

29 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 25 жаштагы жардамчысы менен Ош тарапты көздөй айдап келе жатып, күйүүчү май ташып бараткан Howo машинасы менен кагышкан.

Howo унаасынын айдоочусунун сол колу сынса, Man үлгүсүндөгү машинанын айдоочусунун жардамчысынын ок колу, оң буту сынган. Кырсыкка кабылгандар Кара-Көл шаардык ооруканасына кайрылган.

Абалды жөнгө салуу үчүн жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч, тогуз куткаруучу чыгып жол ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0