Көчмөндөр оюну үчүн миллиондук тендерлерди жеңген компаниялар

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн курулуш жана уюштуруу иштерине миллиондогон каражаттар жумшалды. Көрсөткөн кызматы үчүн ошол миллиондорду кайсы компаниялар алгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги карап чыкты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу үчүн мамлекеттик органдар бир канчалаган тендерлерди жарыялаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөр оюнунун арты менен кайсы компания, ишкана же жеке жактар канча суммадагы тендерди жеңип алганын тизмектеди.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азамат Жаманкулов: Көчмөндөр оюну улуттук бренд катары КРде калса жакшы болмок
"АК-НУР СТАРТ" компаниясы транспорттук тейлөө көрсөткөндүгү үчүн — 1 миллион 266 миң 808 сом; 

"Фабрика рекламы" ишканасы типографиялык кызматы үчүн — 399 миң сом;

"Акун" пансинаты конокторду жатак жана тамак-аш менен камсыздаганы үчүн — 1 миллион 440 миң сом; 

"Казакстан" санаторийи конокторду жатак жана тамак-аш менен камсыздаганы үчүн — 720 миң сом тапты; 

Эсенов Саматбек Касымакунович конокторду жатак жана тамак-аш менен камсыздаганы үчүн — 648 миң сом; 

Ош боз-үйлөр айылчасын түзүү үчүн декоративдүү кийимдерди реставрациялоо, аксессуарларды жасоо жана керектүү жабдыктарды сатып алуу милдетин Улан Жалиев аткарып жалпы жонунан 284 миң 760 сом;

Султанова Багида Сапаровна "Этно-мода, Этно-хит" иш-чарасын уюштуруу боюнча тендерди жеңгени Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөнү менен анын бышыкталганы жазылган эмес. Анда төмөнкү сумма көрсөтүлгөн — 1 миллион 038 миң 312 сом. 

Ипподромду куруу жана жашылдандыруу иштери 

Кырчындагы оюн-зоок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Кырчындагы оюн-зооктун уюштуруучуларын сыйлады
2015-жылдын 8-декабрында өкмөттүн №549-б буйругу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ат майданын реконструкциялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө заказчы болуп аныкталган. 

Муну менен катар ипподромду курууга тендер жарыялабастан компаниялар менен түз келишим түзүүгө уруксат берилген. 

Натыйжада ведомство аралык конкурстук комиссия түзүлгөн. Анын жеңүүчүсү катары төмөнкү башкы подрядчы компаниялар аныкталган. 

  • "Гарант-проект" ЖЧКсы — ипподромдун долбоорун чийген;
  • "СМУ-3" ЖЧКсы, Коркорация "ДСК-Азат" — ипподромдун курулуш иштерин жүргүзүү милдетин алган. 

Башкы подрядчы "СМУ-3" ЖЧКсы, Корпорация "ДСК-Азат" өзүнө жардамчы катары 6 субподрядчы компанияларды тандап алган. Алар:

  • "Каганат Курулуш" ЖЧКсы — батыш трибунаны курган;
  • "УКС" ЖЧКсы — ичүүчү суу, резервуар, канализация үчүн скважина бургулоо иштерин аткарды;
  • "Иссык-Куль курулуш Сервис" ЖЧКсы — аянт ичиндеги жумуштар, суу түтүк жана канализация тармактары;
  • "Бактемир" ЖЧКсы — аянт ичиндеги жер алдындагы электр тармактары;
  • "Сакалай" ЖЧКсы — жарыш айлампа жолу;
  • "Грегори Интернешнл" фирмасы

Ипподромдун айланасын жашылдындыруу иштери

  • "Зеленхоз", Бишкек шаары — гүлдөрдү өстүрүү;
  • "Зеленхоз", Чолпон-Ата шаары — газондорду өстүрүү. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси Нурлан Насыров Sputnik Кыргызстан агенттигине жогоруда аталган компанияларга канча каражат бөлүнгөнүн айтып берди. 

  • "СМУ-3" ЖЧКсы, Корпорация "ДСК-Азат" башкы подрядчыга ипподромдун иштерин толук бүткөрүү милдети коюлуп ага — 1 миллиард 584 миллион сом которулган. Бул каражатты башкы подрядчы жогоруда көрсөтүлгөн алты субподрядчыга өзү бөлүштүрүп берген. Июль-август айында 462 миллион 944 миң сомдук иш бүткөрүлгөн. Мында каражат үнөмдөлүп калышы ыктымал. Ал аткарылчу иштер 100 пайыз бүткөндөн кийин белгилүү болот. 
  • "Гарант-проект" ЖЧКсы ипподромдун долбоорун чийип бергени үчүн — 19 миллион сомдун тегерегинде келишим түзүлгөн. Учурда анын 16 миллион сомдук иши бүткөрүлдү. 

Белгилей кетсек, ипподромдун курулуш иштеринин сапатына башкы подрядчы "СМУ-3" ЖЧКсы, Корпорация "ДСК-Азат" ишканасы жооп берет. 

Маалыматтар Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен 

Жаңылыктар түрмөгү
0