Учактын жүргүнчүсү: стюардессалар ыйлап, биз Кудайга жалынып…

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учак. Архив
Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыймылдаткычы иштебей калган учак кантип "Манас" аэропортуна келип конгонун Tajik Air каттамынын жүргүнчүсү Ильгиз Эдиль уулу айтып берди.

Кечээ, 7-сентябрь күнү Tajik Air авиакомпаниясынын Boeing 757 жарандык учагы авариялык кырдаалдан улам "Манас" аэропортуна келип конууга аргасыз болду. Борт Бишкек үстүнөн учуп өткөнү менен аэропортко кайра барып конгон. 

Учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири Ильгиз Эдил уулу авариялык абалда конуу учурунда борттун ичинде кандай кырдаал өкүм сүрүп турганын айтып берди. 

— Учак бузулуп жаткандыгын кантип билип калдыңыз?
— Алгач мага күйүктүн жыты келди. Биз учуп баратканыбыз менен ылдамдык алалбай койдук. Бир маалда командир авариялык конуу жасала тургандыгын кабарлады. Анын үнү калтаарып жатты. 

Ош аэропортуна авариялык абалда конгон Avia Traffic Company компаниясынын Boeing-737 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто авариялык абалда конгон Boeing-737 учагы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты
— Стюардессалар жүргүнчүлөрдү тынчтандырууга аракет жасаштыбы?
— Стюардессалар туталанып ыйлап ары-бери чуркай беришти. Эч нерсе түшүндүрө алышкан жок. Эмне болгонун билбей тургандыктарын гана айтышты. Бир маалда ызы-чуу башталды. Аялдар ыйлап Кудайга жалбарышты. Абада көпкө айландык. Жүргүнчүлөрдүн бирөө учак асманга көтөрүлгөндө эле тарс эткен добушту уккандыгын айтты. 

— Ошол учурда эмне тууралуу ойлондуңуз? 
— Абада учуп баратканда өрттөнөбүз го деп ойлодум. Тез эле жан беребизби же көпкө кыйналабызбы деп ойлодум. Бортто жаш балдар көп болгондуктан аларды сактоо мүмкүнчүлүктөрүн ойлодум. 

— Капитан учак "Манас" аэропортуна конгондугун кабарлагандан кийинки көрүнүш кандай болду? 
— Учак Кара-Балта шаарынын үстүнөн айланып жатты. Сегиз жолу айландык окшойт. Бир пейзажды улам көрө берип жүрөк айныды. Биз эмне болуп жатканын түшүнгөн да жокпуз. Көпкө дейре коно албай жаттык. Жерге жакындап жатканда үйлөрдүн чатырына жакын аралыкта учуп бараттык. Учак токтогондо жүргүнчүлөр көздөрүнө жаш алып кол чаап жиберишти. 

— Жүргүнчүлөрдү кантип тосуп алышты?
— "Манас" аэропортуна келип конгондо бизди эч ким тосуп алган жок. Тез жардам же дагы башка кызматтар жок экен. Эч ким эчтеке түшүндүргөн жок. Жүргүнчүлөр эмне болгондугун билбей эле отуруп калышты. Кийин аэропорттун кызматкерлери учактын кыймылдаткычы иштебей калганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0