Режиссер Ибраев: Көчмөндөр оюнунун жабылуу аземин "Город 312" тобу жыйынтыктайт

Жазылуу
Режиссер салтанатта музыкага басым көп жасала турганын белгиледи.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземин "Город 312" тобу жыйынтыктайт. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарындагы башкы режиссеру Эрик Ибраев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал жабылуу салтанатында 5D эффектилери колдонуларын жана чоң программадагы концерт болорун кошумчалады.

"Буга чейинки көчмөндөр оюндарында кыргыздардын тарыхына басым жасаганбыз.Бул ирет кыргыз жергесинин байлыгын көрсөткүбүз келди. Ал эми жабылыш аземинде музыка көбүрөөк болот. Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземин атактуу "Город 312" тобу жыйынтыктайт”, — деди Ибраев. 

Ал мындан сырткары, концертке бир топ атактуу ырчылар келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0