Дарыгер: көк бөрүдө аттардын алдында калган казак улакчынын баш сөөгү жабыркаган

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын курама командасынын 31 жаштагы оюнчусу Абу Абдыжапаров. Архив
Казакстандын курама командасынын 31 жаштагы оюнчусу Абу Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр улакчынын өмүрүнө коркунуч жок, анын абалы жакшы.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн көк бөрүнүн финалдык оюнунда жаракат алган казакстандык спортчунун абалы жакшы. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын директору Альмира Алдашева билдирди.

Эске сала кетсек, финалдык оюндун башталганына эки мүнөттөй убакыт болгондо Казакстандын курама командасынын 31 жаштагы оюнчусу Абу Абдыжапаров аттардын тебелендисинде калган.

"Учурда спортчунун ден соолугуна коркунучу жок. Анын баш сөөгү жабык жаракат алган. Мындан сырткары моюн омурткасын кокустап калыптыр. Учурда рентгенге тартып, керектүү жардамды көрсөтүп жатабыз”, — деди Алдашева.

Финалдык беттеш 15:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди

Жаңылыктар түрмөгү
0