Өмүркулов: КР жарандарын бошотууда Өзбекстандын шарт коюуга укугу жок болчу

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы күч түзүмдөрүнүн катышуусунда Үңкүр-Тоо маселеси боюнча жыйынга чогулушту.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өзбекстан чек аранын такталбаган аймагындагы Үңкүр-Тоодон кармалып кеткен Кыргызстандын төрт жаранын бошотуу боюнча кандайдыр бир шарт коюуга укугу жок болчу. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди. 

Күч түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөн фракциянын жыйыны жабык эшик артында өттү. Анын жыйынтыгы боюнча Өмүркулов маалымат берди.

"Кыргыз жарандарын бошотууда Өзбекстан шарт-талап койдубу?" деген суроого Өмүркулов "андай болушу мүмкүн эмес" деген жооп кайтарды.

"Аймак тактала элек. Андыктан кандайдыр бир талаптардын коюлушу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес", — деди Өмүркулов. 

Ал депутаттар кыргызстандыктардын кармалышына жол берген бийлик өкүлдөрүн кескин сынга алганын кошумчалады. 

"Кыргыз-өзбек чек арасында талаш жараткан 50дөн ашык чек ара линиясы бар. Бул маселе көп жылдардан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Өзүңөр билгендей бул олуттуу маселе. Ага Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен негиздүү иштерди аткаруу керек", — деди Өмүркулов.

Үңкүр-Тоо боюнча кырдаалды чек арачылардын сүйлөшүүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан кармап кеткен жаранды үйүнөн туугандары башынан суу айлантып тосуп алды
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-августунда такталбаган чек арага Өзбекстандын тик учагы келип конгон. Ал эми 24-августта Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкерлери Өзбекстандын Яңги-Курган РИИБине алып келинген

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болуп, аза күтүүгө байланыштуу кармалган кыргызстандыктарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулган эле. 8-сентябрда түндө кармалып кеткен КР жарандары бошотулган

Жаңылыктар түрмөгү
0