Задержанный сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо сотрудник станции Кербен-24 Нурбек Усупбаев с сыном после освобождения

Үңкүр-Тоо: мекенине кайткан КР жарандары окуянын чоо-жайын айтып беришти

1630
(жаңыланган 16:33 09.09.2016)
Өзбек тарап кармап кеткен кыргызстандыктар аларга карата күч колдонулбаганын билдиришти.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" станциясынан Өзбекстандын милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен кыргызстандык төрт жаран бүгүн түнү мекенге кайтарылды

Нурбек Усупбаев менен Жеңиш Ташматов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларына кандайча кармалып жана жарым айдын ичинде баштарынан эмне деген күндөрдү кечиргенин айтып беришти. 

  • Өзбек милиционерлери кармап кетип 17 күндөн кийин Кыргызстанга кайтарылган Нурбек Усупбаев
    Өзбек милиционерлери кармап кетип 17 күндөн кийин Кыргызстанга кайтарылган Нурбек Усупбаев
    © Фото / Нурболот Мамбеталиев
  • Үңкүр-Тоогодогу телемунарада иштеп жаткан жеринен колуна кишен түшүп кармалып кеткен Жеңиш Ташматов
    Үңкүр-Тоогодогу телемунарада иштеп жаткан жеринен колуна кишен түшүп кармалып кеткен Жеңиш Ташматов
    © Фото / Талгат Бакиев
1 / 2
© Фото / Нурболот Мамбеталиев
Өзбек милиционерлери кармап кетип 17 күндөн кийин Кыргызстанга кайтарылган Нурбек Усупбаев

Кербен шаарынын тургуну Нурбек Усупбаев Өзбекстандын убактылуу кармоочу жайында отурган мезгилде ага карата күч колдонулбаганын билдирди. 

"Үңкүр-Тоодогу станцияда күндөгүдөй эле жүргөн элем. Бир маалда өзбек чек арачылары келип документ сурашты. Жанымда паспортум жок болчу. Ошол замат колума кишен салып эле алып кетишти. Убактылуу кармоочу жайда күч колдонулбаганы менен моралдык жактан кысым болуп жатты. Күндө "сени 10 жылга кесебиз" деген сыяктуу сөздөр айтылып жатты", — деп билдирди Усупбаев. 

Ал өзү билдиргендей ден соолугу жакшы. Тамак-аш өз маалында берилип турган. 

Кармалган жарандардын дагы бири Жеңиш Ташматов аларга кысым көрсөтүлбөгөнүн ырастады. 

"Буюрса баары жакшы. Бизге кысым көрсөтүп жаман мамиле жасашкан жок. Мамлекеттик жетекчилер менен күч органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп тил табышканы жакшы болду", — деп билдирди Ташматов. 

Освобождение 4  граждане КР, ранее задержанные сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы үйүнө кайткан мекендештердин калганы менен байланышууга аракет көрүп жатат.

Белгилей кетсек, 22-августта талаш жараткан чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жеткен.

1630
Белгилер:
мекен, жаран, сүйлөшүүлөр, Үңкүр-Тоо
Тема:
Үңкүр-Тоонун айланасындагы көйгөй (39)
Тема боюнча
Өзбекстан кармап кеткен жаранды үйүнөн туугандары башынан суу айлантып тосуп алды
Өмүркулов: КР жарандарын бошотууда Өзбекстандын шарт коюуга укугу жок болчу
Тоолуу Маевка айылына жакын унаа жолу

Шейшембиге карата аба ырайы

15
(жаңыланган 21:11 06.07.2020)
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүйдө+28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +30…+32, Ош калаасында +33…+35 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска чейин жетет.

15
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Почтада посылкалар. Архив

Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

56
(жаңыланган 20:03 06.07.2020)
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
56
Белгилер:
почта, коронавирус, эпидемия, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси