Медакадемия 40 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү тууралуу китеп чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте мамлекеттин эмгек сиңирген дарыгерлери менен илим доктору болгон кызматкерлердин биографиялык маалыматтары камтылган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академия "40 жыл ден соолук үчүн кызматта" аттуу биографиялык жыйнак чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук китепканада Кыргызстандын тарыхы тууралуу китеп көргөзмөсү ачылды
Басылмада окуу жайдын 1976-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 40 жыл ичинде медицина тармагынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон инсандары тууралуу маалыматтар камтылган. 

Мында 11 бүтүрүүчү Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, экөө саламаттык сактоо тармагына эмгек сиңирген кызматкер дагы 19у илимдердин кандидаты болуп эсептелет. 

Китептин жооптуу редактору Нурлан Бримкуловдун айтымында, курсташтардын мааракелик жолугушуусун уюштуруу үчүн алардын даректери такталып жатат. Учурда 1976-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү чет өлкөлөрдө жашап, иштеп келишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0