Родственники около типографии на северо-востоке Москвы, где в одном из зданий произошел крупный пожар, в результате которого погибло 17 человек.

Москвадагы өрт: КР кыз-келиндердин мыйзамсыз иштегенин четке какты

(жаңыланган 16:34 10.09.2016)
Буга чейин ЖМК кыргызстандык кыз-келиндердин басмаканага мыйзамсыз орношконун айткан адвокаттын сөзүн жазып чыгышкан.

БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Москвада кечээ, жума күнү КРдин Миграция кызматы Россиянын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана ИИМдин өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн аталган кызмат билдирди.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, 14 кыргызстандык кыз-келин жана үч россиялык аял каза болушкан. Ишкананын жетекчисине издөө жарыяланып, көп өтпөй ал укук коргоо органдарына өзү келген. Анын жактоочусу каза болгондордун үй-бүлөсүнө компенсация төлөө иштери башталганын билдирген. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардын жолугушуусунда көз жумгандардын үй-бүлөсүнө аталган ишкана тарабынан компенсация төлөп берүү маселеси талкууланды. 

Ал эми Миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев директордун адвокаты менен жолугуу учурунда кыргызстандык жарандардын Россияда патентсиз иштөөгө укугу бар экенин айтып, мындан улам аларды мыйзамсыз иштеп жүргөн деп айтууга болбой турганын баса белгиледи.

Буга чейин ЖМК кыргызстандык кыз-келиндердин басмаканага мыйзамсыз орношконун айткан адвокаттын сөзүн жазып чыгышкан.

Мындан тышкары, жолугушууда кырсыкты иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилип, кыргызстандык кыз-келиндер ЕврАзЭс тин талабына ылайык Москвада мыйзамдуу иштеп келишкени айтылды. 

Тараптар мигранттарды социалдык жактан коргоого алган мамлекеттер аралык макулдашуунун долбоорун карап чыгышты.

Белгилер:
укук, компенсация, басмакана, өрт, Россия
Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
Тема боюнча
Москвада өрттөнүп кеткен КР жарандарынын айлыктары бериле баштады
Москвадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык мекенине кайтты
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды

Эки факты тең Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Талас менен Нарында менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Таластын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жайыт жерлеринин 16 гектарын А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Жер тилкенин баасы жарым миллионго бааланат.

Эки факты тең Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө. Жер тилкелери мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды.

Белгилер:
кайтаруу, мамлекет, жер тилкеси, жайыт, Башкы прокуратура, Нарын, Талас
Тема боюнча
Баткен: мамлекеттик 30 батир, жер тилкелери жеке тараптарга берилип кеткен