Иса Өмүркулов: Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкуунун убактысы бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов. Архив
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр 13-сентябрь күнү парламенттин талкуусуна коюларын кошумчалады.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуунун убактысы бүттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. 

Белгилей кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн.

"Коомдук талкууга бөлүнгөн убакыт соңуна чыкты. 13-сентябрь күнү сунушталган өзгөртүүлөр Жогорку Кеңешке сунушталат. Ал эми аны кабыл алууга бир канча убакыт кетиши мүмкүн", — деди Өмүркулов.

Буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0