Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл биринчи жолу 24 тонна муз бөлүндү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСауд Аравиядагы ажылыкка келген мусулмандардын чатыр лагери. Архив
Сауд Аравиядагы ажылыкка келген мусулмандардын чатыр лагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Сауд Аравиясында мусулманчылыктын бир парзы болгон ажылык амалдарын дүйнөнүн чар тарабынан келген зыяратчылар аткарууда.
Максат Атабаев: кыргызстандык зыяратчылар Арафат өрөөнүнө келишти

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ажылар азыр Арафат өрөөнүнө келгенин аларды коштоп жүргөн муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кааба мечитиндеги зыяратчылар, Мекке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: зыяратчылардын ден-соолугу тыкыр көзөмөлдө
Эске салсак Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Кыргызстандан Меккеге аттангандардын алгачкы тобу 17-август күнү таңда Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан учуп кеткен.

Атабаевдин айтымында кыргызстандык ажылар Сауд Аравиясынын ажылык министри тарабынан бөлүнгөн чатырларга тобу менен жайгаштырылууда. Ошондой эле ажыларга ден соолугуна кам көрүү боюнча түшүндүрүү иштери такай жүргүзүлүүүдө.

"Биздин дарыгерлер ажылардын ооруп калышынын алдын алууда. Андан сырткары тамак-ашты этияттап ичүү, ооруларды жуктуруп албоо үчүн санитардык нормаларды сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүрүүдө", — дейт муфтияттын маалымат катчысы.

Ал ошондой эле бүгүн ажылыктын улуу күнү экенин баса белгиледи.

"Ушул күнү пайгамбарыбыз Арафат тоосунда үммөттөрү, жалпы мусулмандар үчүн дуба кылган делинет", — дейт ал.

Ажыда жүргөн мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга барган зыяратчылардын коопсуздугун 17 миң аскер көзөмөлдөөдө
Атабаев андан сырткары быйыл Сауд Аравиясынын ажылык министрлиги кыргызстандыктар үчүн бөлүнгөн атайын жайды 24 тонна муз менен камсыз кылганын айтып, күндүн ысыктыгына байланыштуу чатырлар бийиктетилип, ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Алдыда кыргызстандык ажылардын Муздалифа өрөөнүнө баруу, шайтанга таш ыргытуу, курмандык союу, чач алдыруу жана Каабага баруу амалдары калды. Ажылардын алгачкылары 17-сентябрда келсе, акыркылары 30-сентябрда келе турганын Атабаев белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0