ШКУ эки жарым миң жанкечти тууралуу маалымат топтоду

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүЖанкечердин белге таккан куралы. Архив
Жанкечердин белге таккан куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматыда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр террорчулукка каршы күрөшүү жолдорун талкуулашты.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүндө 69 террордук уюум жана 2,5 миң жанкечти тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу Россиянын ФСБ жетекчиси Сергей Смирновго шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, Алматы шаарында ШКУнун аймактык терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүн 29-отуруму болду. 

"Учурда 2,5 миң жанкечти жана 69 террорчулук менен шугулданган уюмдар тууралуу маалымат топтолду. Кийинки жылы бул маалыматтарды камтыгын расмий банк ачылат", — деди Смирнов. 

Ал аймакта терроризм менен күрөшүү көп күч талап кыла турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0