Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ болбойт

© Фото / Ярослав МальцевГаз түтүктөрүн оңдоо иштери. Архив
Газ түтүктөрүн оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш газы 14-16-сентябрь күндөрү өчүрүлөт.

БИШКЕК,14-сен. – Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймактарында үч күнгө газ болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы 14-16-сентябрь күндөрү өчүрүлөт.

14-сентябрда Лущихин, Чайковский, Каховский көчөлөрүндө, 15-16-сентябрда Лебединовка айылындагы Мамыралиев көчөсү менен Ленин проспектисиндеги үйлөрдө газ болбойт.

Жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн компания кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0