Москвадагы өрт боюнча айыпталган экинчи киши кармалды

© AFP / VASILY MAXIMOVМосквадагы басмаканада чыккан өрт жайда ӨКМ кызматкери. Архив
Москвадагы басмаканада чыккан өрт жайда ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин басмакананын башкы директору Сергей Москвин 6-сентябрда камакка алынган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Москвадагы басмаканада чыккан өрт боюнча айыпталып жаткан экинчи киши кармалганын РИА Новости агенттиги билдирди.  

Эске салсак, август айынын аягында Москванын түндүк аймагындагы "Печатный экспресс" басмаканасынын имаратында өрт чыгып, ал 17 кишинин өмүрүн алган. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары болгон.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында басмакананын башкы инженери Антон Яцковдун изине түшүүгө мүмкүн болгон. Ал Тергөө комитетине келип, күнөөсү жок экенин айткан. Эми анын баш коргоо чарасын сот карайт", — деп айтылат маалыматта.

Басмакананын башкы директору Сергей Москвин 6-сентябрда камакка алынган

Жаңылыктар түрмөгү
0