Кадыр Маликовго кол салган жарандын айыбы жеңилдетилип, 20 жылга кесилди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теолог Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулун Биринчи Май райондук соту өмүр бою эркинен ажыраткан болчу.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулунун өмүр бою абакка кесилген жазасы 20 жылга алмаштырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жазык иштери боюнча соттук коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн 29-августта өзгөрткөн.

Белгилүү аалым Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Маликов өзүнө кол салган кишиге ырайым кылмактыгын айтат
Токтошова эгер кол салуудан адам өмүрү кыйылса, анда айыпталуучу өмүр бою абакка кесилмектигин, бирок Маликов өмүрүнө өтө коркунуч жараткан жаракат албагандыктан сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөрткөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 26-ноябрда кечинде Бишкек шаарынын "Асанбай" кичи районунда теолог Кадыр Маликовго бейтааныш эки киши бычак менен кол салып, бетке жана моюнга сайып кетишкен. Маликов шаардык 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келинген. Милиция "Перехват" планын жарыялап, кылмышка шектүүлөрдү аныктаган.

Кол салгандар Түркияга чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин алар Түркиядан Кыргызстанга экстрадицияланган

2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучу Алибек Тилек уулуна карата өкүм чыгарып, аны өмүр бою абакка кескен болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0