Жабыркаган Баян Есентаеванын кызы сотто атасынын таламын талашат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Снимок с социальной сети Facebook страницы пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото
Снимок с социальной сети Facebook страницы пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки соттук отурум 28-сентябрга белгиленип, жараян жабык түрдө өтөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаеванын Айсауле аттуу кызы "өз жубайын өлтүрүүгө аракет жасаган" деп айыпталып жаткан атасынын таламын сотто талашат. Бул туурасында Бахытбек Есентаевдин жактоочусу Бекболот Жексеитов билдиргендигин Newskaz агенттиги жазып чыкты. 

Шаршемби күнү козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала угуулар өткөн.

"28-сентябрда катардагы соттук отурум өтүп, негизги соттук териштирүүлөр башталат", — деп билдирген жактоочу.

Жактоочу сот жабык түрдө өтө тургандыгын айтып, кененирээк маалымат берүүдөн баш тарткан. Бирок ал айыпталуучу Бахытбек Есентаевдин кызы Айсауле Есентаева сотто атасынын таламын талаша тургандыгын ырастаган.

"Айсауле айыпталуучунун коргоочусу. Атасынын коргоочусу", — деп билдирди жактоочу.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак ИИМи Есентаеванын ооруканадагы сүрөтүнүн тарап кетишин териштирет
Буга чейин Айсауле өзүнүн Instagram баракчасына атасы эң мыкты адам экенин жазуу менен кылган ишине кейип турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Баян Есентаева 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтирген" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0