КМШ саммитине карата Бишкек шаарында 600дөн ашуун көчөт тигилген

Жазылуу
Ал эми "Бишкексвет" ишканасы 1964 лампа алмаштырса, мэрия арык-чөнөктөрдү тазалап, 163 жарнак такталарын чечкен.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. КМШ лидерлеринин саммитине карата борбор калаага 600дөн ашуун көчөт тигилип, жарык берүүчү 2 миңден ашуун лампалар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт.

"Саммитке даярдык катары мэриянын кызматы 7 миң даракты тегиздеп, 647 көчөт отургузулду. Ал эми "Бишкексвет" ишканасы 1964 лампа алмаштырды. Мындан сырткары арыктар тазаланып, 163 жарнак такталары алынды", — деп айтылат маалыматта.

Саммитке Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0