Султан Раев: дүйнөнү курал эмес, акыл менен сактап калабыз

© Фото / Зульфия Тургунова"Улуу Жибек Жолундагы маектер: биримдик жана жаратмандык" аталышындагы интеллектуалдардын эл аралык форум
Улуу Жибек Жолундагы маектер: биримдик жана жаратмандык аталышындагы интеллектуалдардын эл аралык форум - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун башкы максаты — эл аралык маданий мейкиндикти жана маданий диалогду күчөтүү болуп саналат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ош шаарында "Улуу Жибек Жолундагы маектер: биримдик жана жаратмандык" аталышындагы интеллектуалдардын эл аралык форуму өттү.

Маалыматка ылайык, форумга 20дан ашуун өлкөдөн дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, саясий ишмерлер жана маданият тармагындагы чыгармачыл инсандар катышты. 

Иш-чарага катышкан Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев дүйнө курал эмес, акыл менен сакталып кала турганын белгиледи. 

"Биздин негизги максатыбыз — адамдар арасындагы түзүлгөн жасалма чек ара коргонду бузуу. Себеби адамдар бири-бирине жылуу мамиле кылбай калды. Форум тез арада жыйынтык бербейт. Анткени биз баарына дароо эле токоч кармата албайбыз. Болгону туура багытты көкүрөгүнө уялатабыз. Дүйнөнү курал эмес, акыл менен гана сактап калууга мүмкүн", — деди Раев. 

Форумдун башкы максаты — эл аралык маданий мейкиндикти, керектуу маданий диалогду күчөтүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0