Кара-Сууда мүрзөдө адам сөөктөрүн казган чөөлөрдү бүгүн түнү атып жок кылышат

© flickr.com / Derek KeatsЧөө. Архив
Чөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөөлөрдү түнү гана атууга мүмкүн болгондуктан, учурда Кара-Кулжа районунан төрт мерген чакыртылган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Мамажан айылынын жашоочуларынын тынчын алган чөөлөр бүгүн түнү аттырылып, жок кылынат. Бул тууралуу Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллабаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ветеринарлар залалсыздандыруу чараларын көрүштү.

"Чөөлөрдү түнү гана атууга мүмкүн болуп жатат. Учурда Кара-Кулжа районунан төрт мерген чакырттык. Бүгүн түнү менен чөөлөрдү аттырабыз", — деди айыл өкмөт башчысы Жылдызбек Тиллабаев.

Нападение шакалов в селе Мамажан Кара-Суйского район - Sputnik Кыргызстан
Ош: Кара-Сууда чөөлөр мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөгүн жеп жатат
Кара-Суу райондук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Арстанбек Сулайманов билдиргендей, чөөлөр оору таркатуучу жаныбарлардын түрүнө киргендиктен, атайын адистер Мамажан айылына барып келишти.

"Белгиленген тартипте мал жандыктарын дарылап турабыз. Коркунуч жок", — деди ал.

Ал эми Кара-Суу райондук администрация жетекчилиги окуя боюнча тиешелүү жетекчилерге окуяны иликтөө жана чара көрүү тапшырмасы берилгендигин кабарлашты.

Мындан сырткары, район аймагындагы жолбун иттерди жана чөөлөрдү атууну көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүү талабы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0