Атамбаев: Көчмөндөр оюндары саясатташтырылган эмес, андан эч ким чыгарылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин кеңейтилген отурумунда. Архив
Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин кеңейтилген отурумунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары элди бөлбөйт, тескерисинче, бириктирет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары саясатташтырылган эмес жана андан эч ким чыгарбайт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин кеңейтилген отурумунда билдирди.

Анын айтымында, президенттер ДКОнун жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешкен.

"Башка эл аралык спорт оюндарына салыштырмалуу көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары саясатташтырылган эмес. Кайсы бирөөлөрдү андан чыгарып салуу деген жок, ал элди бөлбөйт, тескерисинче, бириктирет", — деди президент Атамбаев.

Андыктан ал ДКО боюнча текстти Бириккен улуттар уюмунун резолюциясына киргизип, дин ана эл аралык маданияттардын диалогу катары белгилеп киргизүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы бул демилгени колдой тургандарга ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0