Атамбаев жөнүндө 10 факты. Саясаттан энелердин азабына чейин өздөштүргөн ажо

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 17-сентябрь Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ажо 60ка чыкты. Кыргыздар айтмакчы, пайгамбар жашына барды. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага карата Алмазбек Шаршенович тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

КСДПнын негиздөөчүсү. 1993-жылы азыр бийликте башкаруучу саясий күч болуп турган – Кыргызстан социалдык демократиялык партиясын негиздеген.

Атамбаев — өлкөдөгү эң бай адамдардын бири. Кыргызстандагы эң бай 100 адамдардын катарына кирген. Мындай рейтингди республикадагы бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары түзүп, жазып чыккан. 

Заседание межгосударственного совета ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Томсоргон, жылмайган Атамбаев. Кыргызстандын президенти 60 жашта
Байлыгынын саны. Расмий маалыматтарда, президенттин 2015-жылдагы кирешеси 1 миллион 298 миң 448 сомду түзгөн. Менчигинде 2,7 гектар жери бар. Анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулуш жайгашкан. Ажо көп жылдык өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтына (ишеним башкармалыкка берилген) дагы ээлик кылат. 

Ал эми жакын туугандары 182 миң 588 сомду иштеген жеринен тапса, 112 миң 273 доллар киреше банктарга салынган каражаттын пайыздарынан түшкөн. Мындан башка алардын 15,7 чарчы метрлик унаа токтотуучу жай, 133 жана 51,3 чарчы метрлик батирлери менен 86,28 пайыздык акциялары бар. 

Миллиондорду кантип тапкан? Эл арасында СССР учурунан калган "Кыргызавтомаш" заводун менчиктеп калып, байлыгынын учугу уланган деген сөз бар. Анткен менен Атамбаев китептен байыганын айтып келет. "Анда 89-жылдар. Китепти жакшы көрчүмүн, бирок, өлкөдө абал оор эле. Бир жолу мага ой кылт этти. Ал жылдары хрусталь менен китепти баалашчу. Ал учурда Москвадагы басмаканалар бош эмес, иши толтура. Биздикилер болсо токтоп турат. Москвадан заказ таптым да, бош турган басмаканаларда китептерди басып чыгара баштадык. Ошентип, миллиондогон нускадагы китептерди саттым. Алгачкы көлөмдүү капиталым ошондо топтолгон",— дегени бар. 

"Айланайын" сөзүнүн тарыхы. Президенттин оозунан түшпөгөн бул сөзгө карата кыргыз коомчулугунда юмор, сарказм менен да коштолгон кептер айтылып келет. Анткен менен Атамбаев бул сөздүн мааниси эмнеде экендигин айткан. 

"Байкем 27 жашында катуу ооруп каза болгон. Анын алдында Фрунзедеги ооруканада жаткырганбыз. Күнү-түнү жанынан чыкпаган апам уулун палатанын ортосуна алып барып жаткыргыла деди. Ошондо апам байкемди тегеренип, "айланайын, айланайын, жаратканым, балдарымды ордуна менин жанымды ал" дегени эсимде… Андыктан, бул сөз мен үчүн өзгөчө мааниге ээ", — деп айткан эле. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент көп балалуу энени "Баатыр эне" ордени менен сыйлап жаткан учуру
Награждение многодетных матерей орденом Баатыр эне в Государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Президент көп балалуу энени "Баатыр эне" ордени менен сыйлап жаткан учуру

Аялдардын азабын жакшы билген Атамбаев. Апасы демекчи, Кыргызстандын президентинин өзгөчө энесине жакындыгы туурасында айтылып, жазылып келет. 

"Апамды көбүрөөк айтканым, кыргыздын аялынын тагдыры кыргыздын эркегинен миң эсе оор, бооруң ооруйт. Бала төрөйт, тиричилик, оокат-кече. Албетте, атам мени жакшы көрчү, атына өңөрүп алып ары-бери бастырып жүрчү. Эң кичүүсү элем. Ал киши сыртта, аркы-берки шерине, тойлордо, анан молдо болуп эки жакта жүрчү. Апам үйдө калып, бардык оокатты кылчу да. Апам байкушту аяй берчүмүн", — дегени бар. 

Алты баланын атасы. Уулдары — Сейитбек, Сейтек жана эң кенжеси Кадырбек (1993-жыл). Кыздары — Диана, Динара жана Алия. Коомчулукка анын кудаларынын бири – милициянын мурдагы кызматкери, экс-депутат Алымбай Султанов экени белгилүү. 

© Фото / Ажара ШабдановаПрезиденттин кызы Алия Шагиева
Дочь президента КР Алмазбека Атамбаева Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кызы Алия Шагиева
Атамбаев — кайната. Күйөө балалуу жана келиндүү. Анын Алмазбек, Семетей жана Константин аттуу күйөө балдары бар. 

КР президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев кезектеги ырын кыргыз тилинде аткарды
Ырчылыгы. Атамбаев президенттигинин соңку жылдары коомчулукка саясатчы гана эмес ырчылык өнөрү менен тааныла баштады. Элди алгач, "Судьбе назло" атуу ыры менен таңгалдырды. Андан кийин "Я не могу без тебя жить", "Мне не страшно умирать", "Нелепые слова" ырларын аткарып, ал элге таралды. Кечээ кезектеги, кыргыз тилиндеги "Кыргызстаным" деп аталган ырын коомчулукка алып чыкты. Ошентип, азырынча кыргызстандыктар ажосунун аткаруусундагы беш ырга күбө болду. 

Тасма жана жазуучу. Жакшы көргөн тасмасы – "Форрест Гамп". Ажо Максим Горький, Антон Чеховду сүйүп окуй турганын айтып калат. Албетте, анын арасында үлкөн жазуучу Айтматовдун да чыгармалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0