Бек Борбиев: жаш кызга үйлөнүп алыптыр деп айтып жүрүшөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив
КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин жаш аялы барбы? Минскиге барып ырдап жүргөнү чынбы? Кыргыз эстрадасынын төрүндө көпкө кармалуусунун сыры эмнеде? Бул суроолорго журналист Гүлдана Талантбекова белгилүү өнөрпоздун өзү менен сүйлөшүп жооп алды.

Сыртынан теңине албагандай көрүнгөн Бек мырзанын маанайы абдан жакшы экен. "Эмне тууралуу сүйлөшөлү, ыя?" деп агынан жарыла бир маек куруп берди. 

— Коомчулукта кандай гана окуялар болбосун дайыма социалдык тармактан кызыктуу постторду жазып, активдүүлүгүңүздү көрсөтүп келесиз?

— Постторду активдүү жазып баштаганыма бир эки-жыл болду окшойт. Адам болгондон кийин деле коомдо жүрүп аткан окуяларга көз караш болот да. Анан ошону өзүмдүн баракчаман билдирип турам. Менимче, азыр өз пикириңди билдириш үчүн сөзсүз гезитке же телевидениеге чыгып отурбай заманбап технологиянын жардамы менен үйдө олтуруп билдирсең болот.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБек Борбиев: мен өзүм чыгармачыл адам болгондуктан саясатка сүңгүп кире бербейм. Саясат менен алектенүүгө убактым тар
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: мен өзүм чыгармачыл адам болгондуктан саясатка сүңгүп кире бербейм. Саясат менен алектенүүгө убактым тар

— Өткөндө соцтармактагы тамашалуу бир тесттен өтүп, анын жыйынтыгында "Эң мыкты көңүлдөш" деген дипломду алдыңыз. Аны ачык жарыялап койгонуңуз элге көп жага бербей калды окшойт?

— (Күлүп) Эми бул, албетте, тамаша да. Ал тесттен элдин баары эле өтүп жатат. Жыйынтыгы менден да жаман чыгып жаткандар бар. Бирок ошолор элдин маанайын көтөрүп, пикир, байланыш түзүү максатында жарыяланган нерсе. Мындайларды мен көп колдоном. 

— Саясаттагы болуп жаткан окуяларга да кызыктуу пикир таштайсыз. Саясатка канчалык деңгээлде кызыгасыз? 

— Мен өзүм чыгармачыл адам болгондуктан саясатка сүңгүп кире бербейм. Саясат менен алектенүүгө убактым тар. Жаш бала эмеспиз, элүүгө чыгалы деп калдык. Анан коомго, жаштарга таасир бере турган сөздөрүмдү жазып турам. 

— Учурда эмне менен алексиз? Бир жылдары Бажы кызматында дагы иштеп калдыңыз?

— Бажы кызматынан кийин Кыргызпатентте иштедим. Бабанов отставкага кеткенден кийин биз дагы кызмат ордубузду бошотуп бергенге туура келди. Азыр чыгармачылык менен эле алпурушуп жүрөм. 

— Интервьюлардын биринде тааныштарымдын эле жакшылыктарына барам деп айтыптырсыз. Тааныштар болгондо кимдер болушу мүмкүн? Депутаттарбы же жөнөкөй адамдарбы?

— Убактыма карап чакырган жерлерден калбай барганга аракет жасайм. Кимдер экени айырмасы жок.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБек Борбиев: ийгилик сырым бул же тигил десем калп айтып коюшум мүмкүн. Эң башкысы, талыкпаган эмгек болушу керек. Бир ырың белгилүү болуп калса ишти таштап койбой, эртеси кайра жаңы чыгарма жаратканга отурушуң керек
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: ийгилик сырым бул же тигил десем калп айтып коюшум мүмкүн. Эң башкысы, талыкпаган эмгек болушу керек. Бир ырың белгилүү болуп калса ишти таштап койбой, эртеси кайра жаңы чыгарма жаратканга отурушуң керек

— Көп жылдан бери кыргыз эстрадасынын төрүнөн түшпөй келесиз. Чыгармачылыктагы ийгилик сырым эмнеде деп ойлойсуз?

— Ийгилик сырым бул же тигил десем калп айтып коюшум мүмкүн. Эң башкысы, талыкпаган эмгек болушу керек. Бир ырың белгилүү болуп калса ишти таштап койбой, эртеси кайра жаңы чыгарма жаратканга отурушуң керек. Менин иштөө принцибим ушундай. Анан, албетте, кудай берген өнөр, таланттын аркасы менен келе жатам.

— Сизди кыргыз эстрадасынын Григорий Лепси деп айтып калышат. Өзүңүз мындай сөздөрдү кандай кабыл аласыз?

— Кээде Иосиф Кобзон деп да айтып калышат. Бирок мен эмнеге аларга окшошушум керек? Айрымдар Бектей же Лепстей ырчы болом деп айтышат экен. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, талантына жараша болгону туура деп ойлойм. 

— Азыр сизде атаандаштык сезимдери барбы?

Атактуу эстрада ырчысы Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлоном
— Мен эми жаш бала эмесмин да атаандаш күтө тургандай. Эгерде агыман жарылып айта турган болсом жаш кезимде деле атаандаштар тууралуу ойлочу эмесмин. Менин ойлогонум — маңдайымдагы ак барак менен калем болду. Балким ошол убакта мени атаандаш катары көрүшкөндүр. Айрымдар атаандаштыктан жакшы ырлар жаралат дешет. Сөзсүз эле бирөө жакшы ыр чыгарса тиреше калыш керек эмес. Маселен мен күндө музыкалык аспаптар менен машыгып, ыр чыгарып турам. 

— Ырларымдын саны беш жүзгө чамалап калды деп айтканыңыз бар. Сөзү, обону жадыңыздан чыгып калган учурлар болобу?

— Эсиме тутуп жүрүш үчүн дайыма ырларым менен машыкпайм. Анткени мээмди ырларым менен толтурбай бош алып жүргөнгө аракет жасайм. Керек болсо телефондун, машинанын номеринин да эске тутпайм. Эгер элдер угуп, сурап баштаганда ыр өзү эле жатталып калат. Ар дайым жаңы сөздөргө, чыгармаларга басым жасайм. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБек Борбиев: азыр ырчы болобуз дегендер менимче мурдагыдан да арбын. Учурда таланттуу, музыкалык сабаты жоюлган солист кыздарды издөөдөмүн. Кайрылгандар көп болгону менен жакшысын таба элекпиз
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: азыр ырчы болобуз дегендер менимче мурдагыдан да арбын. Учурда таланттуу, музыкалык сабаты жоюлган солист кыздарды издөөдөмүн. Кайрылгандар көп болгону менен жакшысын таба элекпиз

— Сүйүү темасындагы ырларыңыз көп. Айрымдары кыздардын да атынан коюлган. Ошол ырларда жашооңуздагы көз ирмемдер, сырлар катылган десек жанылышпайбызбы?

— Угармандар эмнегедир ушинтип ойлогусу келет. Анан мен да алардын оюна каршы турбайм. Көпчүлүк ырларды чыгармалардан таасирленип отуруп алам. Дүйнө жүзүндө, тарыхта чыгармачылыктын сексен пайызы сүйүү болуп келген. Сүйүү болбосо кайдагы чыгармачылык? Көпчүлүгү эмнеге сүйүү ырлары дешет башка эмне болушу мүмкүн. Ата журт жөнүндө бир-эки ыр, бала-чака, ата-эне жөнүндө бир-экини жазасың. Ал ошону менен токтойт. Анан эмнеге кыздарга жаза бересиң деп сурашканда "өзүм эркек болсом кыздарга жазбаганда мырзаларга жазмак белем" дейм. 

— Жок дегенде ырларыңыздын бирөө ашык болгон кыздарга арналганы болсо керек?

— Жок. Болгон жок.

— Мая, Назми, Асел Турдалиева жана башка ырчылардын чыгармачылыгында сиздин салымыңыз чоң. Азыр да таланттарды таптап чыгаруу оюңузда жокпу?

— Мурун өкмөттүн кызматында иштеп убактым болбой жүрдү. Азыр ырчы болобуз дегендер менимче мурдагыдан да арбын. Учурда таланттуу, музыкалык сабаты жоюлган солист кыздарды издөөдөмүн. Кайрылгандар көп болгону менен жакшысын таба элекпиз. 

— Эмнесине карап аласыз?

— Албетте, талантына карайбыз. Эң ириде оригиналдуу үнү болушу керек. Маселен бирөөлөрдү туурап же башка ырчыга окшош үнү барларды алгым келбейт. Ал адамдан эл алдында жаркыраган жылдыз жаратуу кыйын болот. 

— Кыздар менен иштешүү көйгөйлүү деп айрымдар качышат экен?

— Мен Аселден (Турдалиева — ред.) бери иштеп баарын билем. Бирөө турмушка чыгып кетет, бирөөнүн жигити, экинчисинин ата-энеси ырдатпай коет. Андай учурларды түшүнүү менен кабыл алабыз. 

— Бир жылдары Бакиевдин тоюна барып ырдап келип көптөгөн сындарга кабылдыңыз. Айрым телевидение, гезиттерге да интервью бербей калдыңыз. Азыр анализдеп отуруп ошол нерсеге өкүнбөйсүзбү? 

— Эмнеге өкүнмөк элем? Ал менин жумушум болгондуктан чакырган жерге бардым. Анын үстүнө акча төлөп беришти. Үй-бүлөмдү да багышым керек да. Ушундай тойлордон, концерттерден каражат табам. Анан эми саясий жагын кимиси күнөөлүү экендигин аныктап өздөрү чечишип алышсын. Ал жерге мага чейин көп эле артисттер барып жүрүшүптүр. Акыркысы болуп мен бардым окшойт.

— Августтун башында чет жакта жүрөм деп калдыңыз. Ошол маалда Курманбек Бакиевдин да туулган күнү болчу. Дагы да чакыруулар болдубу?

— Баягы боюнча барган жокмун. Чакырышкан жок.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБек Борбиев: менин жашоомдун сындагандан көрө өз арабаларын эле тарткан оң деп эсептейм. Чыгармачыл адамбы же жөнөкөй адамбы, айырмасы жок. Жеке жашоо деген ыйык нерсе
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: менин жашоомдун сындагандан көрө өз арабаларын эле тарткан оң деп эсептейм. Чыгармачыл адамбы же жөнөкөй адамбы, айырмасы жок. Жеке жашоо деген ыйык нерсе

— Эми Бек мырза, кепти жеке жашооңузга бурсак. Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Улуу кызым турмушка чыгып, бизди эки неберелүү кылган. Андан кийинки уулум кийинки жылы турмуш курам деп турат. Ал эми кенже кызым мектепте 5-класста окуйт. 

— Сизди башка кесиптештериңиздей болуп жубайыңызды гезит беттерине алып чыкпайт деп айтышат?

— Жубайымдын сүрөттөрү менин социалдык тармактарымдагы баракчаларымда деле бар. Эми эл көрсүн деп жума сайын салып турбайм да. Барактап көрүшсүн, Фариданын сүрөттөрү көп эле. 

— Бул бериле турчу суроом үчүн алдын ала кечирим сурайм. Сизди эл оозунда жаш аял алган деп айтып жүрүшөт. Жеке комментарийиңиз? 

КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев: Айсулууга арналган ыр бир түндө жазылып бүттү
— (Күлүп) Эми ошондой сөздөр көп болду. Бул тууралуу интернетке да жазып жүрүшөт. Кызыккандарга бул менин жеке турмушум деп айтаар элем. Сырттагы кишилердин кызыгышын каалабайм. Мен бир аял алдымбы же экиниби, ал менин ишим да, туурабы? Менин жашоомдун сындагандан көрө өз арабаларын эле тарткан оң деп эсептейм. Чыгармачыл адамбы же жөнөкөй адамбы, айырмасы жок. Жеке жашоо деген ыйык нерсе. 

— Жашыңыз элүүгө чамалап калса деле күйөрмандардын аягы суюлбаса керек?

— Ооба, интернеттен жазып, чалып турушат. Номеримди тез-тезден алмаштырып, белгисиз чалуулар болсо албайм. Көбүнчө инстаграм менен фейсбукта отурам, ошол жактан байланышышат.

— Канча уул-кызга өкүл ата болууга жетиштиңиз?

— Башкалардай болуп отуз-кырктай болуп кеткен жок. Ондой уул-кыздын өкүл атасымын. Өкүл ата болуу да жоопкерчиликтүү иш. Турмушта катташың бар адам болсо макул дейсиң. Тааныбаган эле адам келсе "өзүңөргө жакыныраак адамдарды койбойсуңарбы" деп кеңешимди айтам.

— Акырында дагы бир кызыкканн суроом бар. Мурутуңузду канча жылдан бери коюп келесиз?

— Он сегиз жашыман бери коюп келем. Мурут мен үчүн идеал же стиль деле эмес. Жылына эки үч-жолу сөзсүз алынат. Муруту жок концерт койгон, ырдаган учурларым көп эле. 

— Алдыда аткарыла турчу кандай пландарыңыз бар?

— Жакында борбордо жана Ошто концерт берсемби деп турам. Ошого даярдыктар жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0