Аэропортко конгон учак. Архив

Ажылардын алгачкы тобу Меккеден Бишкекке келип конду

165
(жаңыланган 17:08 18.09.2016)
Быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанган. Алардын 300ү бүгүн Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына келип конушту. Бул тууралуу ажыларды тосуп алган муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Ажылар Мекке убактысы боюнча түнкү саат 00:10, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча (18-сентябрь) 03:10 Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп чыгышкан.

"Бүгүн 300 ажы Кыргызстанга аман-эсен кайтып келди. Бардыгынын ден соолуктары жакшы. Эртең дагы 300 ажы мекенге сапар тартышат. Ал эми 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ош облусунун ажылары 11 каттам менен келишет", — деди Акимжан ажы. 

КРдин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн дарыгерлер өз иштерин улантып, ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөшүүдө. Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү учурда ажыларды Кыргызстанга узатуу ишин баштаган. 

Эске салсак, Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн.

165
Белгилер:
ажылык сапар, Муфтият, Акимжан ажы Эргешов
Тема:
Ажылык — 2016 (52)
Тема боюнча
Меккедеги кыргызстандык зыяратчылардын сапары карыды
Ажылардын алгачкы тобу бүгүн Меккеден Бишкекке келип конот