Кыргызстандыктар World of Tanks боюнча Орто Азия Лигасынын II сезонун утуп алды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүWorld of Tanks оюну. Архив
World of Tanks оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган турнир 18-сентябрь күнү Казакстандын Караганда шаарында өтүп, сезондун чемпиону аталуу үчүн кыргызстандыктар казакстандыктар менен беттешти.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын —KGG- командасы World of Tanks компьютердик оюну боюнча Орто Азия Лигасынын II сезонун утуп алды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайты кабарлайт. Аталган жарыш боюнча финалдык оюндар ноябрь айында Алматы шаарында болот.

Вейкбординг боюнча чемпионатынын катышуучусу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте вейкборд боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
Экинчи сезондун алкагында өткөн турнир 18-сентябрь күнү Казакстандын Караганда шаарында өтүп, сезондун чемпиону аталуу үчүн кыргызстандыктар казакстандыктарды утуп алды.

Бул сезондо биринчи орунга ноутбук, видео карта жана башка баалуу белектер коюлган. Ал эми экинчи орунду алгандар видео карта, үчүнчү аталгандар смартфон жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жалпы турнирге 4 миллион теңге (800 миң сом) бөлүнгөн. Биринчи орунду ээлеген команда 2 миллион теңге (400 миң сом) алса, экинчи орун 700 миң теңге (140 миң сом), үчүнчү орун 300 миң теңге (60 миң сом) менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0