Картондо уктаган Исхак: өкмөт үй-бүлөгө материалдык жактан жардам көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКичинекей баланын колдору. Архив
Кичинекей баланын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми Ош облустук администрациясы тарабынан үй-бүлөнүн турак-жай маселеси чечилип жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Социалдык тармактарда катуу талкууга алынган картондо уктап жаткан баланын үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан жардамдар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк ал баланын аты Ихсак экени, апасы Зулфия Үсөнованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. 

"Вице-премьер Гулмира Кудайбердиеванын берген маалыматына ылайык, Исхактын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан апасы Зулфия Үсөновага паспорт, балдарына күбөлүк алып берүү маселеси каралууда", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми Ош облустук администрациясы тарабынан үй-бүлөнүн турак-жай маселеси чечилип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0