Баткенде өрүктөрдү белгисиз оору каптап, баасы төмөндөдү

© Фото / Турсунали ТоломушовБаткен өрүктөрүн каптаган белгисиз илдет
Баткен өрүктөрүн каптаган белгисиз илдет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган оорудан улам өрүктүн баасы кескин төмөндөп, дарактар куурай баштады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткендин өрүктөрүн белгисиз илдет каптады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Алыш Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди. 

Анын айтымында, бул оору алгачкы ирет байкалууда. 

"Беткендин өрүктөрүн желим баскан оорулар каптады. Бул илдет буга чейин байкалган эмес. Анын жыйынтыгында өрүктөн данек алган жокпуз. Ал эми мөмөсү бышкан кезде өрүктөрдүн эти жука болуп, баасы да төмөндөп кетти. Бул оору бүткүл Баткен районунда болуп жатат", — деди Төлөмүшов. 

Ал илдет боюнча ар ким ар кандай пикирлерди айтып жатканын кошумчалады. 

© Фото / Турсунали ТоломушовБаткендин өрүктөрүн белгисиз илдет каптады.
Баткендин өрүктөрүн белгисиз илдет каптады. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткендин өрүктөрүн белгисиз илдет каптады.
© Фото / Турсунали ТоломушовБул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Алыш Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Алыш Дан кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Алыш Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди.
1/2
Баткендин өрүктөрүн белгисиз илдет каптады.
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Алыш Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди.

"Айрым фермерлер жаандуу аба ырайынан улам ушундай ооруга чалдыкты деп жатышат. Бирок так маалымат жок. Учурда фермерлер чогулуп, ооруну изилдөө үчүн желимди атайын лабораторияларга жөнөтөлү деп жатабыз", — деди адис. 

Базарда өрүк сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮСАИД Баткен өрүктөрүн өргө тарттыбы же көргө салдыбы…
Ал эгерде маселе тез арада чечилбесе кийинки жылдары өрүк дарактары куурап калышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

"Агрономдор менен кеңешип, тез арада илдетти иликтөө чечимине келдик. Антпесек кийинки жылы такыр мөмөсүз калышыбыз мүмкүн. Былтыр өрүктүн бир килограммы 400-500 сом болсо, быйыл араң дегенде 80-100 сомдон сатып жатабыз", — деди Төлөмүшов. 

Ал эми "Агрардык платформа" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Бермет Турсалиева белгисиз ооруну тез арада изилдөө керектигин айтты. 

"Белгисиз оору тууралуу маалымат алдык. Эмне илдет экенин так аныктоо үчүн Илимдер академиясынын лабораториясына жөнөтөлү деп жатабыз. Жакынкы күндөрү эмне оору экенин тактап, маселени чечүү жолдорун карайбыз", — деди Турсалиева. 

Баткен облустук администрациясы менен байланышканыбызда атайын жумушчу топ түзүлүп жаткандыгын, аталган топ маселени иликтей тургандыгын кошумчалады. 

Бишкектеги белгилүү эмен багы - Sputnik Кыргызстан
Таарыгыч куртуна кабылган Бишкектеги эмендердин көрүнүшү
"Учурда облустун ар кыл райондорунан кайрылуулар түшүүдө. Маселени тактоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Алар эмне илдет экенин, аны дарылоо жолдорун аныкташы керек", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, буга чейин Баткен облусунда ЮСАИДдин "Агро Горизонт" программасынын өкүлдөрү келип "БИ-58" химиялык каражатын сээп кетишкен. Ошол кезде эле адистер химиялык каражаттар зыян экенин айтып чыгышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0