Чек арачы күзөт малындагы архивдик сүрөт. Архив

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү болду

219
(жаңыланган 18:50 19.09.2016)
Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү 40 жакын тажик жараны келгендигин билдирди.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл аймагына 18-сентябрда белгисиз адамдар келип, чек ара аймагына ак-сайлыктар орноткон темир бетонду кулатып кетишкен. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Ал эми райондук жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү аталган аймакка 40ка жакын тажик жараны келгендигин билдирди.

"Окуя болгон жерге тартип коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын, чек ара кызматынын өкүлдөрү дароо жетип келген. Ал такталбаган жер болгондуктан, аталган тилкени эки өлкөнүн өз ара келишимдерине ылайык кайтарууга алуу чечими кабыл алынган. Бул чечим аймактын кимге карай турганы аныкталганга чейин аткарылат", — деп айтылат аталган ведомство тараткан маалыматта.

Ал эми окуя болгон күндүн эртеси аталга жердеги кулатылган темир бетон түркүк кайра тургузулган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жазган Тажикстандын 40 жараны мыйзамсыз кирип алып, шагыл казган деген маалыматтарды Чек ара кызматы четке какты. 

Ал эми Көк-Таш айыл башчысы Разия Өсөрова аталган аймакка 40ка жакын жаран келгенин, бирок алар артка кайтарылганын билдирди. 

"Кечээ саат түнкү бирлерде 40тай тажик жараны барып Ак-Сай айылы деген жазуусу бар тумбаны жыгып, аталган айылга кеткен тарапта "жолго таштанды ыргытпагыла" деген жарнамаларды талкалап кеткен. Алар шагыл алуу үчүн келишкен. Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жолу менен аларды чек арадан чыгарды", — деди Өсөрова.

Бул аймакта апрель айынын башында Кыргызстан менен Тажикстандын окуучулары бири-бирин ташка алган окуя катталган. 

219
Белгилер:
Баткен району, Ак-Сай, Көк-Таш
Тема боюнча
Кыргыз жана тажик окуучулар чек арадан бири-бирин ташка алышты
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

46
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

46
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!