Атамбаевдин оорусу социалдык тармакта катуу талкууга жем таштады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар президентти колдогон жана ага сын айткан пикирлерин жазышууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаевдин оорусуна кабатыр болуп, ага социалдык тармак аркылуу колдоосун билдирип жатышат. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди Стамбулдагы аэропорттон медициналык замбил менен алып кеткендеги видео
Эске салсак, Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн бараткан өлкө башчысы, Стамбулга конгондо өзүн жаман сезип, жүрөк тушу ооруп жатканын айткан. Аны Стамбулдагы аэропорттон Тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен. Түркиянын жергиликтүү ЖМКларынын маалыматына ылайык, Атамбаев дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнөн өткөндөн кийин Эге аймагына, Измирге жеке учак менен учуп кеткен. 

Атамбаевдин ден соолугу начарлап, Түркиядагы ооруканадан шашылыш түрдө текшерүүдөн өттү деген маалымат тарары менен ага тынчсызданып, өз пикирин социалдык тармак аркылуу билдиргендер да болду.

Tosi Kasymalieva аттуу колдонуучу бирөөнүн оорусун табалаган туура эмес, "жаман дей берсек жакшы президентин бизге бирөө бербейт" деген пикирин билдирди.

Ал эми журналист Тынчтык Алтымышев "алтымыш жаш да жашпы, азуусун эми сайганда, алсырап калууга негиз жок" деген оюн калтырган. 

Белгилүү коомдук ишмер Азизбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров ден-соолук кадырын ооруган жан билет. Андыктан саясатты токтото туралы деп жазган.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына президенттин тез арада сакайып кетишине тилектеш экенин билдирген. 

Ошол эле учурда айрым колдонуучулар булардын баары алдын ала пландалган болушу мүмкүн деген пикирлерин да жазышууда. 

Твиттер социалдык тармагында Атамбаевдин ооруганын мындай беришти.

 

Haberinozu сайты твиттердеги баракчасына Атамбаев Измирде дарыланып жатканын жазды.

​TRT Avaz каналы Атамбаев Ататүрк аэропортунда өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылганын билдирди. 

​Түркиядагы ТРТ каналынын кыргыз кызматы да Атамбаевдин ден соолугу аэропорттон начарлаганын маалымдады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0