Бишкек — Кашкар — Бишкек аба каттамы ачылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учактын архивдик сүрөтү
Манас аэропортундагы учактын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул каттам Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ары-бери каттамдарга болгон муктаждыктан улам ачылып жатат. Аптасына эки ирет Бишкектен Кашкарга жана артка ири лайнер 189 жүргүнчүсү менен учуп турмакчы.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Эйр Манас" 19-сентябрдан тарта Бишкек — Кашкар — Бишкек аба каттамын аткара баштады. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык агенттигинен кабарлашты.

Boeing 787-9 Dreamliner учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык миллиардер 325 млн. долларга Boeing Dreamliner сатып алды
Маалыматтарга караганда, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын урматына аты жазылган Боинг 737-800 аба кемеси аптасына эки ирет каттайт. Анын ичине 189 киши батат жана Каши (эл аралык коду — KHG) аба майданына конот. Агенттиктен бул аракет Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ары-бери каттамдарга болгон муктаждыктан улам ишке ашырылып жатканын айтышты. 

Дүйшөмбү жана жума күндөрү Бишкек убактысы боюнча саат 19.10дө Бишкектен учуп чыгат да, 21.40та (Кытай убактысы боюнча 23.40та) Кашкарга конот. Ал эми артка шейшемби, ишемби күндөрү кытай убактысы менен түнкү саат 02.50де (Бишкек сааты менен алганда 00.50дө) аталган шаардан учуп чыгып, Кыргызстанга түнкү саат 3тө келет.

Кашкар — Кытайдын батышында жайгашып, Синьцзян-Уйгур автономиялуу облусуна карайт. Аталган шаарда аба майданы күнүнө ички 20-25 рейсти тейлейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0