Айкүр оюну бильярддын ордун басабы

Жазылуу
Чакиев көчмөн элдин чүкө оюну замандын талабына ылайыкташтырылып, биринчи кезекте бильярдга атаандаш болорун белгиледи.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Айкүр оюнунун бет ачары 21-сентябрда болорун жаңы түзүлгөн федерациянын башчысы, Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эми Нью-Йоркто да чүкө ойношот
Чакиев көчмөн элдин чүкө оюну замандын талабына ылайыкташтырылып, биринчи кезекте бильярдга атаандаш болорун белгиледи.

Анын айтымында, оюн столдун үстүндө ойнолот. Айкүрдүн 20дан ашык түрү бар, эртең анын үч түрү көрсөтүлөт.

Ар бир түрдүн ойноо ыкмасы ар башка. Мисалы, белгиленген секунд ичинде сака менен чүкөлөрдү чийинден чыгара атып, байгени алып кетсе болот. Айкүр стол үстүндө ойнолуп, ага ылайыкташтырылган салондор жакын арада ачылат. Чакиев бул оюн жогорку класстагы оюн (luxury) деп аталгандыктан, чүкөлөргө алтын жалатыларын кошумчалады.

"Биринчиден бильярд дагы айкүр сыяктуу столдо ойнолот. Айкүр — бул бай адамдардын оюну. 20-кылымга чейин көчмөн кыргыздар айкүр ойноп келишкен. Аны да колунда бар кишилер ойногон. Бул ак сөөктөрдүн оюну болуп саналат", — деди Чакиев.

Ал ошондой эле бильярд столунун жанындагы кишилер бизнес, саясат жана башка темаларды талкуулай турганын айтат.

"Айкүр ойноп жатканда деле ошондой темаларды талкуулоого болот. Биз оюндун үч түрүн көргөзөбүз. Ата-бабаларыбыз ойноп, бирок убакыттын өтүшү менен унутта калган башка оюндарды да алып чыгууну пландап жатабыз. Бул оюндарга суроо-талап болоруна көзүм жетет, анткени, кээде бильярддан деле тажап кеткен учурлар кездешет. Адамдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек", — деди Чакиев.

Кыз куумай — кыргыздардын салттуу оюну - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү, аламан байге, тыйын эңмей — ат оюндарынан кайталангыс көз ирмемдер
Федерациянын жетекчиси мелдештер кийинки жылдан тарта жүргүзүлөрүн белгиледи. 

"Мелдештин жеңүүчүсүнө алтын чүкө берели деп жатабыз. Ошондой эле латундан да жасатабыз. Албетте, бардыгы эле дароо болуп кетпейт, баарын акырындык менен жасайбыз", — деди ал.

Оюндун ачылышы болгондон кийин Улуттук спорттун түрү боюнча мамлекеттик дирекциясы менен Меморандумга кол коюу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0