Бишкектин айрым бөлүгүндө суу өчүрүлөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБанкага алынган суу. Архив
Банкага алынган суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясы оңдоп-түзөө иштеринен улам билдирүү таратты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең, 22-сентябрда саат 9:00дөн баштап 18:00гө чейин борбордун кээ бир райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынан билдиришти.

Суу кампасындагы бузулууну калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Достоевский, Горький, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен бөлүктө суу берүү убактылуу токтотулат. 

"Бишкексууканал" ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суроо менен элди жана мекемелерди сууну запастап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0