Бишкектин тургуну 333AAA номерин 76 миң сомго сатып алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с официального сайта ГРС https://nomer.srs.kg по продаже автомобильных номеров онлайн. Продажа государственного номера серии 01 KG 333AAA
Снимок с официального сайта ГРС https://nomer.srs.kg по продаже автомобильных номеров онлайн. Продажа государственного номера серии 01 KG 333AAA - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми бул кооз номерге Бишкек тургуну ээлик кылат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 333AAA номери онлайн-аукциондо Бишкек шаарынын жашоочусуна буюрду. Номердин ээси ал үчүн 76 миң сом сарптады.

Онлайн-аукцион бүгүн, 21-сентябрь, саат 10.00дөн тарта өтүп жатат. Баш-аягы сатыкка 37 номер коюлган аукцион бүгүн, эртең жана 28-сентябрда да өтөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 1-июнунан тарта унааларга мамлекеттик номерлердин жаңы үлгүсүн сата баштаган. Азыркы үлгүдө номер үч сандан жана үч тамгадан турат. Тушунда Кыргызстандын туусунун сүрөтү мурдагыдай эле сакталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0