Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем

© Sputnik"Ак-Өргө City" командасында ойноп "Акылайдын" образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков
Ак-Өргө City командасында ойноп Акылайдын образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Гүлдана Талантбекова "Тамашоу" долбоорунун бир кездеги жылдыздары, учурда эмне менен алектенип жатканына кызыгып көрдү. Көбү бул долбоордун аркасы менен элге таанылып, турмуштан өз ордун тапканы талашсыз.

"Ак-Өргө City" командасында ойноп "Акылайдын" образын мыкты жаратып, сөз ортосунда "Воо-от" деген сөздү улам кайталаган Самат Эркинбековду кепке тарттык.

Алгач Саматка телефон аркылуу байланышып, сүйлөшкөндөн кийин "Интервьюга юбка кийип алайынбы" деп сураганынан "чачыңызды да өрө келсеңиз болот" деп каткырышкан бойдон трубканы койдук. 

— Окуп жүргөндө эле тамашакөй, тентек бала болсоңуз керек?

— Аябай тентек болчумун. Бирок уялчаак болгондуктанбы, тамашалашчу эмесмин. Эгерде тартынчаактык сапатым болбосо мектепке да атымды калтырып кетмек болсом керек. Тогузунчу классты бүтөйүн деп калганда тамашоуга аралаша баштадым. 

© SputnikСамат Эркинбеков: аябай тентек болчумун. Бирок уялчаак болгондуктанбы, тамашалашчу эмесмин. Эгерде тартынчаактык сапатым болбосо мектепке да атымды калтырып кетмек болсом керек
Участник юмористической группы Ак-Орго City Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Самат Эркинбеков: аябай тентек болчумун. Бирок уялчаак болгондуктанбы, тамашалашчу эмесмин. Эгерде тартынчаактык сапатым болбосо мектепке да атымды калтырып кетмек болсом керек

— Алгач "Тамашоуга" кимдин сунушу менен бардыңыз?

— "Ак-Өргө Ситинин" балдары бир көчөдө коңшу жашачубуз. Бир күнү балдар "Тамашоу" деген долбоор ачылат экен деп айтып калышты. Анан командабыздын капитаны Эрмек "сен катышып көрбөйсүңбү, жакшы күлдүрөсүң го" дегинен анчейин көңүл бурган эмесмин. Анын үстүнө бизди райондун балдары "Артисттер, катышып эмне кыласыңар бат эле жабылып калат" деп шылдыңдап жүрүштү. Үйдөгүлөр да сабагыңды эле окубайсыңбы деп көңүлдөнбөй коюшкан.

— Сизди Акылайдын образынан жакшы тааныйбыз. Анын идеясы кимге таандык?

Атактуу эстрада ырчысы Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлоном
— Алгач Эрмек экөөбүз "Керемет көчтүн" музыкасын таап алдык. Укканда дароо эле ушундан тамаша кылса болот экен дедик. Ким Акылай болот десе эң арыгы жана кичинекейи мен экенмин. Эмил "мен Актан болом" деди. Анан "эшек" (такай — автор) ким болот десек баары кетенчиктей баштады. Командада жоош Эрназар деген бала бар эле, аны такай кылып койдук. Биринчи тамашаны ойноп чыкканда, эл аябай сонун кабыл алды. Менин негизи аттарым көп Акылай, Дүрүдүм, Доорон деп аташат. Эми араң Самат дегенге көнүштү. Жашоодо тасмадагы Доорондой чын эле орусча билбейсиңби дешет. Эми шаардыктардай суудай сүйлөбөсөм да сүйлөшө алам. Анан эмне мынча арыксың, качан семиресиң деген кызыктай суроолоруна "билбейм, четверг го" деп жооп берем. Анткени эл деле бизден тамаша күтөт да.

— Силер бат таанылдыңар окшойт?

— Ооба, тамашоуга бир күчтүү агым келди да кетти. Эң күчтүү онго жакын команда бар эле. Бардыгы күчтүү болгондуктан кимиси утаарын да билбейсиң. Азыр көрүп атып эле ким жеңерин билип аласың. Аудитория да чоң эле. Кээде мени калыстар тобунун мүчөсү кылып чакырышат. Сахнага чуркап чыгып өзүм кошо ойногум келет. Сагынат экенсиң. 

© SputnikСамат Эркинбеков: "тамашоу" багыбызды ачты. Кээ бирөө хобби катары кабыл алса, айрымдарыбыз актер, ырчы, алып баруучулук кесипти аркалап таанылдык
Участник юмористической группы Ак-Орго City Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Самат Эркинбеков: "тамашоу" багыбызды ачты. Кээ бирөө хобби катары кабыл алса, айрымдарыбыз актер, ырчы, алып баруучулук кесипти аркалап таанылдык

— Силерде сахна аркасында атаандашуу бир топ эле болсо керек?

— Биз балдар менен курама команда болуп чыгып жүрдүк. Чет жердеги КВНге чыкканда бир туугандай эле болуп калганбыз. Үч жыл чогуу жүрдүк. Ачыгын айтсам, тескерисинче, сахнада ойноп жатып кызаңдап атаандашып кетчүбүз. Анткени редакторлор сахнанын аркасында эч кандай атаандашуу, ичимдик, сөгүнүп сагынуу болбосун деп үйрөткөн. 

— Тамашоуда эркек балдар басымдуулук кылат. Кыздар деле чыгып жатат деңизчи, бирок эмнегедир кыздарга тамаша аткарган жарашпагандай туюлат?

— Бизде кыз кишиге көп жерден чектөө бар да. Тамашоуда кыз же эркек болсун деген талап жок. Балдар менен теңтайлаша ойноп жүргөн кыздар болгону менен көбүнө жараша бербейт. Ал эми биздин "Ак-Өргө Сити" командасына кыз киши башынан эле туура келбейт. Анткени бизди сахнага райондун балдары деп чакырышчу. Эркек баланы урушуп, сөгүп жиберсең эч нерсе болбойт. Кыз киши назик эмеспи, таарынып калабы дейсиң. 

— Аткарган тамашаларды кайдан тапчу элеңер?

— Айланада, коомдо болуп жаткан кырдаалга жараша түзүлгөн тамашалар өтүмдүү болчу. Кээде жазып жатканда өзүңө шумдук күлкүлүү сезилет. Анан сахнага чыксаң эч ким күлбөй койгон учурлар болгон. Кээде шашып-бушуп ойносоң, аның элге жагып кетчү. Айтор бир сонун күндөр өттү.

— Кээде аткара турчу тамашанын сөздөрүн унутуп калганда кырдаалдан кантип чыгасыңар?

— Унутуп калган учурлар көп болду. Сахнадан таппай калып, анан бүткөндө бармагыңды тиштеп эстейсиң. Биз бирок шпаргалка колдончубуз. Акырын эңкейимиш этип же ийинди түздөмүш болуп карап алчубуз. Мен керек болсо ошол шпаргалкамды да унутуп чыгып кетчүмүн. 

© SputnikСамат Эркинбеков: менин негизи аттарым көп — Акылай, Дүрүдүм, Доорон деп аташат. Самат дегенге араң көнүштү
Участник юмористической группы Ак-Орго City Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Самат Эркинбеков: менин негизи аттарым көп — Акылай, Дүрүдүм, Доорон деп аташат. Самат дегенге араң көнүштү

— Тамашоучу деген наам сиздерге долбоордун атынан улам ыйгарылган. Синоним катары куудул дешсе кандай кабыл аласыңар?

— Күлкү жаратуучулар куудул болушат да. Элдин оозунда улуу кишилер куудул аталып калган. Тамашоучу десе жаштарды элестетишет. Бирок куудул деген деле туура деп ойлойм. 

— Тамашоуда финансы жагы кандай эле? Силерге акча берилчү беле?

— Менин акча таап баштаганыма эки эле жыл болду. КВНде тескерисинче взнос төлөнөт. Андан сырткары Казакстан, Москвага барганда отуз рублдан төлөп барчубуз. Бирок ушул долбоор багыбызды ачты десек жаңылышпайбыз. Кээ бирөө хобби катары кабыл алса, айрымдарыбыз актер, ырчы, алып баруучулук кесипти аркалап элге таанылдык. 

— Биринчи маңдай тер менен тапкан акчаңыз эстен кетпесе керек?

Креативдүү теле алып баруучусу Эркин Рыскулбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркин Рыскулбеков: малина да тергем, тигүү цехинде да иштегем
— Мен башкачалардай болуп официант же бирөөнүн кол алдында иштеген жокмун. Эмне себептен экенин билбейм, уялсам керек. Биринчи жолу "Мачо" деген фильмге тартылып отуз миң сом гонорар алгам. Анын үстүнө атам 9-классымда, апам биринчи курс кезимде оорунун айынан каза болуп калышты. Аябай катуу тийди, оор учур болду. Бирок алардын көзү жок деп жаман жолго басып кеткен жокмун. Бул деле Кудайдын буйругу экен. Азыр баары жакшы. Менден улуу эки байкем, бир эжем бар. Ошолор жардам берип, ата-энемдин жогун билдиришпейт.

— Билишимче кичинекей мамлекет курганга да жетиштиңиз?

— Башында эрте үйлөнүп жатат окшойсуң деп айткандар болгон. Айрымдар үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыктан алыстап кетишет эмеспи. Меники, тескерисинче, болду. Үйлөнгөндөн кийин жаңы долбоорлорго тартылып, эки жакка чыга баштадым. Келинчегим ашыкча кызганбайт. Ишенип, колдоп, кеңешин берип турат. Күнү да, түнү да келсем жылмайып тосуп алат. Азыр окуусун окуп, үйдө. 

© SputnikСамат Эркинбеков: эркек баланы урушуп, сөгүп жиберсең эч нерсе болбойт. Кыз киши назик эмеспи, таарынып калабы дейсиң
Участник юмористической группы Ак-Орго City Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Самат Эркинбеков: эркек баланы урушуп, сөгүп жиберсең эч нерсе болбойт. Кыз киши назик эмеспи, таарынып калабы дейсиң

— "Тамашоу" менен эле чектелип калбасаңыз керек. Кесибиңиз боюнча кимсиз?

— Мектепти бүткөндөн кийин медициналык окуу жайдын стоматология бөлүмүнө тапшыргам. Кесибим боюнча эки ай иштеп көрдүм. Эл да таанып калгандыктан көнө албай койдум. Досторум "иштей бер, кардарың көп болот" деп тамашалап калышчу. Бирок бир жерде отуруп иштей албайт экемин. Ошентип чыгармачылыкты тандап кеттим. Бир жылдан кийин "До+Фа" киносуна тартылууга чакырышты. Андан кийин "Доктор Айболот" киносунда режиссерлукту аркаладым. Буюрса, келечекте актерлук менен режиссерлукту чогуу алып кетсем дейм. Кесибимди деле унута элекмин, үйдөгүлөргө ийне сайып, капельница коюп берем.

— "Тамашоуну" бүткөндөн кийин "Баластан шоу" программасында алып баруучулукту аркалап жатасыз. Ал жакка кантип аралашып калдыңыз?

— Өзүм кичинекей балдарга жакынмын. "Рабаят" програмасын көрүп, кичинекей балдар менен иштешсем деп жүрчүмүн. Азыркы долбоорго чакыруу аркылуу барып, сценарийи менен таанышкандан соң макулдугумду бердим.

— Ал балдардын жообун бирде угуп таң каласың. Алдын ала даярдоо болбойбу?

— Жок, балдарды даярдабайбыз. Ата-энелерине балдарыңарды бизге кийинтип эле алып келгиле дейбиз. Жоопторун угуп алып өзүм кошо каткырып, берилүү менен иштейм. Алар болгонун болгондой айтышат да. 

— Өзүңүз да бала кыялсызыбы?

Көбүнчө ишенчээкмин. Бат алданып калам. Ушул сапатым көп жерден артка тартып коет. 

— Маегиңиз үчүн рахмат.

— Эч нерсе эмес, кайрылып тургула (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0