Ошто убактылуу камалгандар үчүн медициналык бөлмө ачылды

Жазылуу
Убактылуу кармоочу жайларды оңдоо иштери Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларында дагы жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайындагы шектүүлөр үчүн медициналык кароо бөлмөсү ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Анын айтымына караганда медициналык бөлмөдө эки медайым эмгектенет. Мындан тышкары убактылуу кармоочу жайлар кызыл крест комитетинин каржылык колдоосунда толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилди. 

"Бул жай 80 орунга ылайыкташтырылган болсо, мындан 10 жыл мурун 180 жаранга чейин кармалып, батпай кетчү. Учурда алардын саны азайды", — дейт Сыдыков. 

Маалымат катчы убактылуу кармоочу жайларды оңдоо иштери Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларында дагы жүргүзүлүп жатканын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0