Министр: Сосновкадагы посттон былтыр 63 млн. сом чогулган

© Sputnik / Таалай ОроскуловСосновка айылынын боюндагы жол. Архивдик сүрөт
Сосновка айылынын боюндагы жол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунушалиев аталган пост аркылуу бир күндө 3000ге чукул автоунаа өтөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. КРдин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Сосновкадагы посттон өткөн жылы 63 миллион сом чогулгандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көбөйтөт
Анын айтымында, аталган пост аркылуу бир күндө 3000ге чукул автоунаа өтүп, 2015-жылы 63 миллион сом чогулган. Бул каражаттар тунеллди оңдоого жана андагы кызматкерлерге айлык төлөөгө жумшалган.

Эске салсак, ушул тапта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп жатат. Анда мигранттардын көйгөйү, "Коопсуз шаар" программасы, чек ара маселеси жана жол кырсыктарын алдын алуу жаатында талкуу болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0