БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөт Интернетти алууда альтернативалык варианттарды да карап жатат. Бул тууралуу премьер министр министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы парламенттин отурумунда депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, казакстандык провайдерлердин бааны жогорулатып жибериши боюнча маселени чечүү үчүн мамлекеттик маалымат технологиялар комитетине тапшырма берилгендигин белгилеп өттү.
"Учурда Интернет жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Бул маселе саясатка айланып кете электе тез арада чечүү аракетин көрүп жатабыз. Казакстандан башка да өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат", — деди Жээнбеков.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Homeline, "Акнет" жана Megaline компаниялары 10-сентябрдан баштап баалар өзгөрүп, Интернеттин ылдымдыгы 3-4 эсе төмөндөй турганын расмий билдиришкен. Алардын берген маалыматы боюнча 1-августтан тарта Казакстан Кыргызстандын компанияларына Интернеттин баасын 2-3 эсе жогорулатып жиберген.Кыргыз жана казак бийликтери бул маселени чечүү боюнча аракеттерини көрүп жатат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Учурда социалдык тармактарда уу коргошун деп айтылып, коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Кабарчы ага социалдык тармактарда коронавируска каршы президент Садыр Жапаров сунуштаган дары делип активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" ден соолукка канчалык пайда же зыян алып келерин билүү үчүн кайрылган.
"Ал Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жатат. Дозасын президент өзү аныктап, өзү кайнатып жатат мени менен бирге. Бүгүн саат 13.00дө интервью берем, ошол жерден баарын айтам", — деди министр.
Ошондой эле ал президент абакта жаткан кезде бул "дарыны" сунуштаганын кошумчалады.
"Жапаров Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага "сен дарылап көр" деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам. Бүгүн журналисттерге кантип ичиш керектигин көрсөтөм. Ошол жерде өлбөгөнүмдү көрөсүңөр. Анткени мен министр катары жоопкерчиликти өз мойнума алышым керек", — деди ал.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар боюнча жазышкан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.
Таш кулатуу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Жел-Арык аймагында жана Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.
Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.
АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.