Бүгүн жазуучу, экс-депутат Камбаралы Бобулов эскерилет

Жазылуу
Көзү тирүү болсо белгилүү коомдук ишмер быйыл 80 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз драма театрында жазуучу, акын, сынчы, легендарлуу парламенттин депутаты Камбаралы Бобуловду эскерүү иш-чарасы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргыз тилин үйрөнүү китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өтөт
Эскерүү кечеси бүгүн белгилене турган Мамлекеттик тил күнүн утурлай өткөрүлүүдө. Бобулов кыргыз тилин өнүктүрүү, аны бардык чөйрөдө пайдаланууну жайылтуу жаатында бир топ эмгек жасап, мамлекеттик тил күнүнүн белгилөө демилгечилеринин бири. 

Иш-чара саат 16-00дө башталып, ага жазуучунун кесиптештери, үзөңгүлөштөрү, жакындары катышат.

Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда Ноокат районунун Өсөр кыштагында туулуп, 2003-жылы 25-январда көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0