Кыргыз делегациясы ЕККУ жыйынында Батыров боюнча кескин билдирүү жасады

© AP Photo / Sergei GritsКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ТИМ да билдирүү таратып Батыровдун сүйлөгүнүн кескин сынга алса, Жогорку Кеңештин депутаттары териштирүүнү талап кылган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) жыйынында Кадыржан Батыровдун сөзү боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Эске сала кетсек, улут аралык араздашуунун козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Батыров аталган уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөн. Анда Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экенин, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш иши козголушуна нааразы болгонун айткан. Учурда абакта отурган Азимжан Аскаровго чыккан соттун чечими туурасында нааразычылыгын билдирген. 

Кыргыз бийлиги тарабынан улуттар ортосунда от жаккан, сепаратисттик аракеттерди жасаган деп күнөөлөнүп эл аралык издөөгө алынган Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кадыржан Батыров деген ким?
КР ТИМи дароо билдирүү таратып, Батыровдун сүйлөгүнүн кескин сынга алса, Жогорку Кеңештин депутаттары териштирүүнү талап кылган.

ЕККУнун жыйынына катышып жаткан кыргыз делегациясы уюмдун Батыров сыяктуу кылмышкерлерге сүйлөө үчүн эл аралык аянтча бергенине нааразычылыгын билдирип, мындан ары ЕККУнун жыйындарына катышууга жол берилбешин талап кылды.

Мындан тышкары, 22-сентябрь күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушуу өткөрдү. Анда министр кыргыз тараптын бир нече ирет эскерткенине карабастан, аталган уюмдун Батыровго билдирүү жасоого мүмкүнчүлүк берилгенине сын пикир айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0