Өлүү тилдер өксүгү: дүйнөдө бир гана адам сүйлөгөн кайсы тил?

© AFP / CARL DE SOUZAКениядагы 70-жашар элмоло уруу өкүлүнүн архивдик сүрөтү
Кениядагы 70-жашар элмоло уруу өкүлүнүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Африкада кездешкен бикиа тилинде болгону бир гана адам сүйлөсө, элмоло тилин билген сегиз адам гана калыптыр.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат. Бул жаатта Sputnik Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү жоголуп бара жаткан жана өлүү тилдер боюнча топтомун сунуштайт. 

Тил жоголбой, өркүндөп-өсүп кетиши үчүн ал тилде 100 миңден кем эмес адам сүйлөш керек дешет.

Эгер улут өз эне тилинде сүйлөбөсө, аны өнүктүрүп, жайылтууга аракет жасабаса, анда тил жоголуп кетиши толук ыктымал. Жер бетинде канаттуу, жаныбарларга караганда тил тезирээк жоголууга дуушар болуп жаткандыгын британиялык Independent гезити жазып чыккан.

"Дүйнөдө тилдер ушунчалык тездик менен жоголуп бара жатат. Флора, фауна менен тилди салыштыра турган болсок, өсүмдүктөрдүн 8 пайызы, сүт эмүүчүлөрдүн 18 пайызы жоголуу коркунучунда турат. Ал эми лингвистикалык Кызыл китепке дүйнөдөгү тилдердин 40 пайызын киргизсек болот, башкача айтканда тилдердин 40 пайызы жер бетинен жоголуу коркунучунда" — деп айтылат бул гезиттеги макалада.

Бишкектеги Манас эстелигинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: "Манас" эпосундай мухитти жараткан кыргыз тилдин келечеги кеӊ
Окумуштуулардын пикиринде, тилдин мындай кырдаалга тушугуусунун себеби — миграция жана ааламдашуу. Экономикалык муктаждыктардан улам адамдар өз мекенин таштап, чет өлкөгө кетип, ал жерден жергиликтүү тилде пикир алышып, өз эне тилин унутуп бара жатышат. 

Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин профессору Яков Тестелецтин пикиринде, дени сак тил качан гана ал тилде жаш балдар сүйлөсө гана болот. Эгер жаш балдар ал тилди түшүнүп, бирок өздөрү сүйлөбөсө, тил кооптуу абалда калгандыгынан кабар берет. Эгер ошол тилде бир гана кары-картаң адамдар сүйлөп калган болсо, анда тил "өлдү" дей берсе болот экен.

Дүйнөлүк тилдердин катарына орус, англис жана кытай тилдери кирет. Дүйнөлүк практика көргөзүп жаткандай, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тилдери жакшы өнүгөт, себеби ал өлкөлөргө жакыр өлкөлөрдүн эли иштегени барарда тилди үйрөнөт, балдарына дагы үйрөтөт. 

ЮНЕСКОнун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, жер бетинде XXI кылымдын аягына чейин бизге белгилүү тилдердин жарымы гана калышы ыктымал. Өзгөчө Африканын, Австралиянын жана Түштүк Чыгыш Азиянын элдеринин эне тилин жоготуп алуу коркунучу чоң.

Лингвисттердин эсептөөлөрү боюнча учурда жер бетинде 6809 " тирүү" тил бар, бирок алардын 90 пайызында гана 100 миңден кем эмес адам сүйлөйт.

Дүйнөдө ар биринде 50дөй гана адам пикир алышкан 357 тил белгилүү.

Астана шаарынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Диаспора: Астана шаарынын акимиаты кыргыз тилин окутууга шарт түздү
Акыркы 500 жыл ичинде дүйнөдөгү тилдердин 4,5 пайызы жоголууга дуушар болгон.

Жоголуп бара жаткан тилдерге Россияда кездешкен керек жана удэгей тилдерин мисалга тартсак болот. Керек делген тилде 2010-жылы 10 адам сүйлөсө, эми бул тилде 2 гана адам пикир алышары белгилүү болгон. Ал эми удэгей тилинде сүйлөгөн 100 гана адам калыптыр.

Африкада кездешкен бикиа тилинде болгону 1 гана адам сүйлөсө, элмоло тилин билген 8 гана адам калыптыр. 

Ал эми учурда такыр эле сүйлөнбөй калган "өлүк" тилдердин катарына полаб (байыркы славян тили), түштүк манси, убых, айн, словин, прусс, гот жана башка тилдер кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0