Казаков: Көчмөндөр оюнунан кийин көчмөн элдин турмушуна кызыгуу күчөдү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМаданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрин кабыл алды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Маданияттын белгилүү ишмерлери жана өлкө намысын эл аралык сынактарда коргоп келген жаш өнөрпоздор мамлекеттик колдоого муктаж. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып билдирди. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын айтымында, Жээнбеков министрликтин иши бүгүнкү күндүн талабын эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, бир катар маселелерди талкуулады.

Жолугушууда Көчмөндөр оюнунун мааниси айтылып, эл аралык иш-чарадан кийин көчмөн цивилизациясына болгон кызыгуу бир кыйла күчөгөнү белгиленди.

"Мындан улам министрлик салттуу маданиятты өнүктүрүү боюнча борбор түзүүнү демилгелеп жатат", — деди Казаков.

Мындан тышкары, министр маданият ишмерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0