Кадамжайда XII алма фестивалы өтүп жатат

© Sputnik / Айида БатырбековаБаткен облусунун Кадамжай районундагы XII алма фестивалынын катышуучулары
Баткен облусунун Кадамжай районундагы XII алма фестивалынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга Кыргызстандын фермерлери менен кошо Франциядан келген багбандар катышып жатат.

БАТКЕН, 24-сен. – Sputnik, Айида Батырбекова. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында XII алма фестивалы өтүп жатат. 

Иш-чарага Кыргызстандын фермерлери менен кошо Франциядан келген багбандар катышууда. Алар алманы көбөйтүү жана өстүрүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кызматташууну көздөөдө.

Дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада "Талаа күнү" өткөрүлүп, дыйкандар үрөн тандоону үйрөнүштү
Иш-чаранын негизги максаты багбанчылыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы мамилени чыңдоо болуп эсептелет. 

Фестивалдын алкагында жергиликтүү бийлик уюштурган конкурстар өткөрүлүп, Компаньон банкынын адистери тарабынан агрономия жана ветеринария боюнча багбандарга кеп-кеңештер берилүүдө. 

Аталган фестиваль 600 багбан жана эки миңден ашык коноктордун катышуусунда өтүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0