Ата мекенчилер "Манас" аэропортун текшерүүгө алышты

Жазылуу
Фракциянын өткөн аптадагы жыйынында депутаттар "Манас" аэропорту "Манас Менеджмент Компани" ЖЧКсын кантип сатып алганына кызыгып, бул маселени жеринде талкуулоону эп көрүшкөн.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары "Манас Менеджмент Компани" ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековдуна архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Текебаев КТРК башчысы Карыпбековду "Ата Мекендин" жыйынына чакырды
Эске салсак, фракциянын өткөн аптадагы жыйынында депутаттар "Манас" аэропорту "Манас Менеджмент Компани" ЖЧКсын кантип сатып алганына кызыгып, бул маселени жеринде талкуулоону эп көрүшкөн. Ага ылайык, иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү жүктөрдү кабыл алуу жана жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирүү менен алектенген ишкананы кыдырып көрүштү.

Андан соң "Манас" аэропортунун жетекчилеринен ишкананын кандайча түзүлүп, кантип аэропорттун карамагына өткөндүгү тууралуу маалымат алып, жыйында мекеменин каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө да талкуу болду.

Соңунда депутаттар аэропорт ишкананы туура эмес баалап алган деген жыйынтыкка келишип, бул боюнча тиешелүү мекемелер атайын текшерүү жүргүзүүсү керек деген пикирге келишти.

Эскертке кетсек, "Манас Менеджмент Компани" ишканасы 1998-жылдын 21-апрелинде түзүлгөн. Алгач 21 миллион долларга бааланып, кийинчерээк 12 миллион долларга сатып алынган. Учурда анын 100 пайыз акциясына "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0