"Тажик эйр" авариялык конуудан улам Бишкектеги кызматкерлерин иштен алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архивдик сүрөт
Учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Душанбе каттамы боюнча учкан "Тажик эйр" авиакомпаниясынын учагы авариялык абалдан улам кайтадан Бишкекке конууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Тажик эйр" авиакомпаниясы авариялык конууга мажбур болгон учактан улам Бишкек өкүлчүлүгүндөгү кызматкерлерин иштен алып, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Beechcraft SuperKingAir-350 учагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин учагын сатуудан түшкөн 3 млн доллар кайда жумшалганын айтып беришти
Эске салсак, 2016-жылы 7-сентябрда Бишкектен Душанбеге учкан "Тажик эйр" компаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкекке кайрадан конууга аргасыз болгон. Тажикстан тараптан башка учак жиберилген. Авиакомпаниянын өкүлдөрү ал учак жүргүнчүлөрдү алып кайта учуп кетиши керек экенин айтышкан. Бирок аба кемеси авариялык түрдө конгон учакты оңдоо үчүн гана келгени аныкталган.

Ошол эле учурда жүргүнчүлөр керектүү деңгээлде каралбай калган. Учак эмнеге кармалып жатканы боюнча маалында тийиштүү жоопторду ала алышкан эмес. Жүргүнчүлөр бир суткадан кийин учуп кетишкен. Бирок көпчүлүгү нааразы болуп, аталган каттамдан баш тартышкан. 

КР Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев билдиргендей, тажик тарап өз алдынча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда авиакомпания Бишкектеги өкүлчүлүгүндөгү кызматкерлерин иштеп алып, учакка байланышкан окуянын чоо-жайын аныктоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0