Москвадагы өрт: басмакананын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат

© AFP / VASILY MAXIMOVМосквадагы өрт чыккан басмакананын аймагындагы өкм кызматкерлери
Москвадагы өрт чыккан басмакананын аймагындагы өкм кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Объектилерди бузуу иштери башталды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москванын прокуратурасы буга чейин өрт чыккан басмаканын аймагынан мыйзамсыз курулуштарды аныктаганын көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Эске салсак, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.

"Прокуратура кызматкерлери адистер менен биргеликте басмакана жайгашкан аймактан жалпы аянты эки миң чарчы метрге жеткен 11 капиталдык эмес объектилерди аныкташты. Алардын биринде буга чейин өрт чыккан", — деп айтылат маалыматта. 

Шейшемби күнү объектилерди бузуу иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0